# Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому

- Полное наименование: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/13
- Дата принятия: 10.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044416>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54120/edition/51222/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-июлу № 8/13 Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө токтому (ред. от 10.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044416

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 10-июлу № 8/13

Тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы №167 Жарлыгынын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №4 протоколдук чечимин жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 08-июль №01-13/3150 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин, шаар мэриясынын, муниципалдык ишканалардын кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин айлык маянасы 2025-жылдын 28-майы ПЖ №167 жарлыгына ылайык коэффициенттерин теңдөө жана тегеректөө менен 20 пайызга жогорулатылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Т.Полотов
