# Жазы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-марты № 11/63 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жазы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-марты № 11/63 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11/63
- Дата принятия: 18.03.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.03.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230044251>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-54023/edition/51061/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.03.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жазы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-марты № 11/63 Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 18.03.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230044251

---

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы

2026-жылдын 18-марты № 11/63

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 24.02.2026-жылдагы №01-01-8/170 сандуу чыгыш каты, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө Кодексинин 73,74,75-беренелерине, 76-беренесинин 2 жана 3 бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 03-февралындагы №3/16 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөндөгүдөй баяндалсын.

2. Жазы айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин.

- Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерлерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;

- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин;

- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Камчибеков
