# Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/4
- Дата принятия: 29.01.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.01.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043894>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53794/edition/50708/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.01.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтому (ред. от 29.01.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043894

---

Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-январы, №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм акысынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө”

Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбиялануучу балдарга берилүүчү тамак-аштын баасын жогорулатуу боюнча бала бакчалардын жетекчилери тарабынан берилген билдирүү катынын, ата-энелер менен өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорунун жана Кыргы Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтомунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Нургул», «Акчөлмөк», «Шайыр»,

«Ынтымак-бир», «Ынтымак-эки», «Перизат», «Элнурай», «Даткайым илим», «Ынтызар», «Даулет», «Аксаамай», «Достук-Наристе», «Ханбийке», «Алия», «Гүлпери», «Курманжан Датка» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер тарабынан балдарга берилүүчү тамак-аш үчүн бир айлык төлөм 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жаштар иштери,

спорт, маданият, билим, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

К.С.Темирбаев
