# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январы № 13-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Т.А.Султановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январы № 13-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Т.А.Султановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13-2
- Дата принятия: 24.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043890>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53790/edition/50704/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январы № 13-2 "А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Т.А.Султановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043890

---

А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2023-жылдын 24-январы № 13-2

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан Т.А.Султановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-5287 болгон, 2016-жылдын 23 –майындагы 2016/9427 №2016/9425 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү тартуулоо» келишиминин негизинде алган, Ч№ 1091183 сандуу Мамлекеттик Акты берилген жер участкасынын ээси Т.А.Султанов арыз менен кайрылып, жер участкасынын 337,5 ч.м жерин А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясында карап, максаттык багытын саркынды суулар агып чыгуучу чуңкур жасоого өзгөртүп берүүнү суранган. Бардык ыйгарым укуктуу органдардан корутундулар алынгандыгын билдирип, азыркы күндө айылдык кеңештин токтомун күтүп жаткандыгын билдирип кайрылган.

Жогорудагы арыздын талаптарын мыйзамдуу түрдө карап чечип берүү үчүн айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комитетинин кароосуна киргизген.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул А.Султановдун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15 июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптарына таянып, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусун, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында №01-8/5-05-14/50 сандуу корутундусу талаптарын жетекчиликке алып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

Токтом кылат:

1.А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Т.Султановдун 2022-жылдын 23-декабрындагы арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптары, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2020-жылдын 25-июлундагы №139/20 сандуу корутундусун, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 16-февралында №01-8/5-05-14/50 сандуу корутундусунун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылында жайгашкан, Ч№ 1091183 сандуу Мамлекеттик Акты берилген, идентификациялык коду;5-05-14-1001-5287 болгон, 2016-жылдын 23 –майындагы 2016/9427,№2016/9425 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү тартуулоо» келишиминин негизинде атуул Султанов Тариель Асланбековичке тиешелүү болгон жер участкасынын пайдалануу багыты саркынды суулар агып чыгучу чуңкур үчүн өзгөртүлсүн.

3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.

4. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Араповдорго тапшырылсын.

5.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын м.а:

А.Ашиева
