# Төөлөс айылдык кенешинин 2025-жыл 3-июль №7-2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Төөлөс айылдык кенешинин 2025-жыл 3-июль №7-2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7-2
- Дата принятия: 03.07.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043868>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53769/edition/50673/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төөлөс айылдык кенешинин 2025-жыл 3-июль №7-2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому (ред. от 03.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043868

---

ӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы

2025-жыл 3-июль №7-2 Муркут айылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда келишим түзүү жөнүндөгү маалымат менен таанышып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат»

мамлекеттик мекемеси менен Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, келишим түзүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл

өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Тиленовко жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана

дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага А. Каразаков.
