# Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2026-жылдын 27-мартындагы №13 "Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2026-жылдын 27-мартындагы №13 "Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13
- Дата принятия: 27.03.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.03.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230043553>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53606/edition/50269/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.03.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2026-жылдын 27-мартындагы №13 "Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.03.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230043553

---

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

2026-жылы 27-марты №13

Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 27-февралындагы №024/24/08-6/126 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин.

а) калк үчүн:-жеке турак үйлөрдө жашагандар1-айга бир адамдан 15 (он беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.

б) мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.

в) коммерциялык оъекттер үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, чөп жана чөптүн калдыктары чыгарылбасын.

3. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №15 “Таштанды салыгын белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп бекитилсин.

Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Н.Артыков
