Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2025-жылдагы Баткен шаарынын мэри С.Д.Кулубаевдин отчетун угуу жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2026-жылдын 17-февралы № 1 Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2025-жылдагы Баткен шаарынын мэри С.Д.Кулубаевдин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3;6-пункттарына, 48-беренесинин 12-пунктуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн аткарылышы, Баткен шаарынын мэри С.Д.Кулубаевдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаарынын 2025-жылдын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана 2026-жылга милдеттери жөнүндө маалымат
Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жыл ичинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом, буйрук, тескемелеринин, аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтом, буйруктарын турмушка ашыруу максатында бир катар уюштуруучулук-практикалык иштер аткарылды.
Ал эми тармактар боюнча аткарылган иштердин абалы төмөнкүдөй:
Уюштуруу иштери жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы кадр саясаты жөнүндөгү” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгына ылайык 2025-жыл ичинде кадрлардын ички резервин түзүү максатында төрт жолу ачык конкурс өткөрүлүп, административдик муниципалдык кызматынын башкы, улук, кенже топторунун ички резерви толукталды. Тагыраак айтканда башкы кызмат тобунда 1 талапкер, улук кызмат тобунда 2 талапкер, кенже кызмат тобунда 4 талапкер болуп 7 талапкер ички резервке киргизилди. Ошондой эле ички резервден 4 кызматкер бош кызмат орундарына дайындалды. Муниципалдык кызматкерлердин квалификациялык денгээлин жогорулатуу, карьералык пландоону жүзөгө ашыруу максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде 22 кызматкер мамлекеттик социалдык заказдын алкагында кыска мөнөттүү окуулардан өткөрүлдү. Ал эми донорлордун каражаттарынын каржылоосундагы кыска мөөнөтүү окууга барган 1 кызматкер, жергиликтүү бюджеттин каржылоосундагы кыска мөөнөттүү окууларга 5 кызматкер, катышып келишти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгынын негизинде Кытай Эл Республикасынын каржылоосунда 2 кызматкер Кытайга окууга барып келишти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №262 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” Жарлыгын аткарууга алып, 2025-2026-2027-жылдарга карата түзүлгөн кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планынын негизинде Баткен шаарынын мэриясынын ичинде тендеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде 1 жолу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тендеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде 1 жолу ротациялоо жүргүзүлгөн. Кызматкерлерге класстык чендер Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2025-жыл ичинде 3 кызматкерге класстык чен ыйгарылды. Тагыраак айтканда 2 кенже кызматкерге муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык чени, башкы кызмат тобундагы 1 кызматкерге муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. 1 кызматкердин чени муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине теңдештирилди.
I. Өнөр жай, курулуш жана айыл чарба тармагы
Аталган тармак боюнча төмөнкү укуктук-ченемдик актылар негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл - бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө №29 Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” №484 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» №24 жарлыгын ишке ашыруу жана КР
- Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2021-жылдын 19-мартындагы №91-б буйругу;
Баткен шаарында 2025-жылдын жыйынтыгында негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы төмөнкүдөй жыйынтыкталды.
- Өнөр жай көрсөткүчү – 2 264769,3 миң сомго, физикалык көлөмү 122,4%га аткарылган
- Ал эми электр энергиясы – 292058,2 миң сомго, физикалык көлөмү 103,5 % га ишке ашырылган.
(темп рост к 2024)
2025-жыл, январь-декабрь (миң сом)
Көрсөткүчтөр
2024-жыл (миң сом)
2025-жыл (миң сом)
Отчеттук айына карата %
Отчеттук мезгилге карата %
Өнөр жай
1822880,5
2264769,3
133,8
122,4
Электр энергиясыз
228083,3
292058,2
105,9
103,5
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 116 (ПДН) ишканалар бар. Алар,
№
Ишканалар
2024-ж.
2025-ж.
1
Электр тармактар ишканасы; (Баткен РЭТ)
1
1
2
Муниципалдык ишканалар (Таза суу, Тазалык, Автобаза, Капиталдык курулуш, Базарлар дирекциясы)
5
5
3
Мол-Түшүм кооперативи
1
1
4
“Алтын-Бак” ЖЧК сы
1
1
5
“ДАНЕКО” ЖЧК сы
1
1
6
Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН)
94
116
Бардыгы
103
125
Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар
1
Пескоблок, лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер
13
13
2
Кийим тигүү цехтери
8
8
3
Желим эшик-терезе жасоочу цехтер
12
20
4
Мебель жасоочу цехтер
7
9
5
Навайканалар
32
39
6
Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер
4
4
7
Кондитердик цехтер
12
16
8
Пилорамалар
3
3
9
Мал союучу жайлар
2
2
10
“Ак-Сай Кент” тоок фермасы
1
1
11
Асфальт-бетон чыгаруу
1
Бардыгы
94
116
КӨРСӨТКҮЧТӨР
Тейлөө рыногу - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 4029188,6 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 113,9%га жеткен. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 491415,3 миң сомго көп аткарылып, 113,8%ды түзгөн. Чекене соода жүгүртүү - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 3116782,3 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 119,4%ды түзгөн. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 505 914,9 миң сомго көп аткарылып,112,2 %га жеткен. Кызмат көрсөтүү - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 1344414,5 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 126,8%ды түзгөн. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 284252,3 миң сомго көп аткарылган. Айыл чарбасы - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 1109701,1миң сомго аткарылып, өсүү темпи 106,8%ды түзгөн. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 34310,7 миң сомго көп аткарылган. Капиталдык курулуш - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 6677571,0 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 588,5 %ды түзгөн. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 5542826,8 миң сомго көп аткарылган. Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 425 адамга жумуш оруну түзүлүп, өсүү темпи 103,4%ды түзгөн. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,9%га аткарылган. Катталган жумушсуздардын саны - 2025-жылдын жыйынтыгына карата 1362 жумушсуз жаран, официалдуу 711 жумушсуздар катталган. 2024-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 105 жумушсуз жарандар жумуш менен камсыз болгон. Тактап айтканда 2024-жылы 1467 жумушсуз же официалдуу 959 жумушсуз адам катталган. Орточо эмгек акы: 2025-жылдын жыйынтыгына карата орточо эмгек акы 41147,4 сомго жеткен, өсүү темпи 116,3% түзгөн. Ал эми 2024-жылдын ушул мезгилинде орточо эмгек акы 35382,0сомду, же 146,2 % га жеткен.
Таблица түрүндө алсак:
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
2024-жыл (миң сом)
2025-жыл (миң сом)
Салыштырмалуу (%) менен
Отчеттук айга
Отчеттук мезгилге
Өнөр жай
1822880,5
2264769,3
133,8
122,4
Тейлөө рыногу
3537773,3
4029188,6
123,5
113,8
Чекене соода жүгүртүү
2610867,4
3116782,3
125,9
119,4
Кызмат көрсөтүү
1060162,2
1344414,5
123,4
106,8
Айыл чарба
1039046,0
959598,0
112,8
90,5
Капиталдык курулуш
1134744,2
6677571,0
588,5
Орточо эмгек акы
35382,0
41147,4
116,3
Салык топтоо (факт)
334771,2
456904,2
136,5
Жумуш орундарын түзүү
478
2520
Жумушсуздардын саны
1352
1362
А.и. официалдуу катталганы
959
711
Шаардык мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгы: Баткен шаарында 2025-жылдын жыйынтыгына карата мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 412467,9 миң сомго аткарылып, 110,8%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 44436,3миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 136,5%ды түзүп, 122133,0 миң сомго көп аткарылган. Анын ичинен:
- Республикалык бюджет 282615,8 миң сомго аткарылып, 111,6% түздү, же планга салыштырмалуу 29375,3 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 153,3%ды түзүп, 98276,5 сомго көп аткарылган.
- жергиликтүү бюджет 174288,4 миң сомго аткарылып, 109,5% түздү, же болбосо 15061,0 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 23856,5миң сомго көп аткарылып, 115,9%ды түздү.
Таблица менен көрсөткөндө
2024-жыл, январь-декабрь (миң сом)
2025-жыл, январь-декабрь (миң сом)
План өсүү темпи (%)
Факт өсүү темпи (%)
План айырма (+-)
Факт Айырма (+-)
План
Факт
Өсүү темпи (%)
Айыр-ма (+-)
План
Факт
Өсүү темпи (%)
Айырма (+-)
Жалпы мамлекеттик салык топтоо
331137,9
334771,2
101,1
3633,3
412467,9
456904,2
110,8
44436,3
124,6
136,5
81330,0
122133,0
Республиканский бюджет
180724,9
184339,3
102,0
3614,4
253240,5
282615,8
11,6
29375,3
140,1
153,3
72515,6
98276,5
Местный бюджет
150413,0
150431,9
100,0
18,9
159227,4
174288,4
109,5
15061,0
105,9
115,9
8814,4
23856,5
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти: Баткен шаарында 2025-жылдын жыйынтыгына карата Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба, калктуу конуштардагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө жана муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды. Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментининин карамагындагы жалпы 469,0 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана 43735 м2 калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө бекитилген планы 4300,0 миң сом болсо, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 7309,0 миң сомго аткарылып 169,9% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 3009,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 113,7% га, же болбосо 869,0 миң сомго көп аткарылган. Алсак, Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча 2025-жылга бекитилген планы 1550,0 миң сом болсо, факт турундо 2120,0 миң сомго аткарылып 136,7% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 570,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 128,4%га, же болбосо 469,0 миң сомго көп аткарылган. Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча 2025-жылга бекитилген планы 2750,0 миң сом болсо, бүгүнкү күндө 5189,0 миң сомго аткарылып 188,6%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 2439,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 108,3% га же болбосо 400,0 миң сомго көп аткарылган.
2024-жыл, январь-декабрь (миң сом)
2025-жыл, январь-декабрь (миң сом)
Өсүү темпи (% ) менен
Айырма (+/-) миң сом
План
Факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
План
Факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
План
Факт
План
Факт
Жалпы суммасы
4300,0
6440,0
149,7
2140,0
4300,0
7309,0
169,9
3009,0
100,0
113,7
0,0
869,0
Кайра бөлүштүрүү фондунун
1550,0
1651,0
106,5
101,0
1550,0
2120,0
136,7
570,0
100,0
128,4
422,7
469,0
Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин
2750,0
4789,0
174,1
2039,0
2750,0
5189,0
188,6
2439,0
100,0
108,3
250,0
400,0
“Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы
“Баткен-Автобаза” ишканасынын калкты тейлөөдөгү киреше табуучу кызматтары боюнча токтолуп өтсөк, эксковатордук жер казуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын аткарат. Бул кызмат көрсөтүүдөн ишкана 2025-жылдын 12 айында 3415,2 миң сомго аткарып, планга салыштырмалуу 915,2 миң сомго же болбосо 137,0 % га көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын отчеттук мезгилдеги фактыга салыштырмалуу 781,1 миң сомго же болбосо 130,0 % га көп аткарган. Жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынан накталай өлчөмдө 2512,0 миң сом, ал эми накталай эмес түрүндө (жол жүрүү билети) аркылуу 727,0 миң сом акча каражаты келип түшүп жалпы жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынан 2025 жыл ичинде 3239,1 миң сом акча-каражаты келип түшкөн.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза суу” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы
Таза суу жана булганыч суулардан түшүүчү төлөмдөрүн жыйноо боюнча бекитилген жылдык планы 13144,8 миң сом болсо, 2025-жылдын жыйынтыгына карата 13526,1 миң сомго аткарылып 102,9%ды түзгөн, же болбосо 2024-жылдын фактыга салыштырмалуу 1085,1 миң сомго көп аткарылган. Баткен “Таза суу” муниципалдык ишканасында расмий катталган абонеттердин саны 4026 адамды түзүп, мурдагы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 78 абонентке көбөйгөн.
№
Аталышы
Абоненттердин саны (адам)
Төлөмдөрдүн аткарылышы (миң сом)
2024-жыл
2025-жыл
өсүү темпи (%)
айырма (-/+)
2024-жыл
2025-жыл (факт)
өсүү темпи (%)
Айыр-ма (-/+)
1
Кожолук
3500
3670
104,9
170
5104
6674,1
123,6
856,9
2
Бюджеттик ишканалар
67
67
100,0
0,0
3279,8
3017,7
92
-262
3
Коммерц. Ишканалар
94
99
105,3
5
930,4
1026,8
114,6
102,3
4
Техникалык шарттарды берүү
287
190
66,2
-97
868,1
708,9
106,3
22,3
5
Ар түрдүү кирешелер
1687,1
2098,6
99,02
20,6
Бардыгы
3948
4026
102,0
78
10350,4
13526,1
108,7
1085,1
“Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы таштандыларды ташуу төлөмдөрүн жыйноо үчүн 2025-жылга карата бекиткен планы 5840,2 миң сомду түзөт. Жыл жыйынтыгына карата төлөмдөрдү жыйноонун анык аткарылышынын суммасы 9165,8 миң сомду түзүп, же болбосо 156,9%га аткарылды. Тактап айтканда “Баткен Тазалык” ишканасы планга койгон суммадан 3325,6 миң сомго көп аткарган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу төлөмдөрдүн жыйналышы 153,9% га, же болбосо 3212,0 миң сомго жогорулаган.
2024-жыл, январь-декабрь (миң сом)
2025-жыл, январь-декабрь (миң сом)
План
Факт
Атка-рылды %
Айырма (+,-)
План
Факт
Атка-рылды %
Айырма (+,-)
Жалпы суммасы
4950,0
5953,8
120,3
1003,8
5840,2
9165,8
156,9
3325,6
Бюджеттик ишканалар
2500,0
2600,2
104,0
100,2
2500,0
4349,2
173,9
1849,2
Коммерциялык ишканалар
4000,0
5862,9
146,6
1862,9
5000,0
13447,1
268,9
8447,1
Тамактануучу жайлар (кафе, ашканалар)
2500,0
3652,8
146,1
1152,8
3400,0
4365,2
128,4
965,8
Калкты тейлөө
1800,0
2402,0
133,4
602,0
2500,2
3035,4
121,4
5351,2
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу (Баткен шаардык ички иштер бөлүмү Р.Омошев)
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамынын жалпы криминогендик кырдаалды жана коомдук-саясий абалды туруктуу бойдон сактоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер кабинетинин токтомдорун, КР ИИМдин буйруктарын, буюрмаларын жана коллегияларынын чечимдеринин талаптарын аткаруу багытында иштерди алып барышууда Баткен шаарынын аймагында талапка жооп бере турган камераларды коомдук жайларга орнотуу боюнча жергиликтүү мекеме-ишканаларга сунуштар жөнөтүлүп, жөнөтүлгөн сунуштардын негизинде 2025-жылдын 12 айында шаар аймагында жалпы 40 сапаттуу камералар орнотулуп, калган жерлерге камераларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп келүүдө. Жыйынтыктап айтканда бүгүнкү күндө шаар аймагынын 51 жеринде видео камера орнотулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. 2025-жылдын 12 ай ичинде шаар аймагына орнотулган видео камеранын жардамы менен 10 уурулук, 2 тоноо, 3 бейбаштык, 2 автотранспорт каражаттарын укукка жат турдо ээлеп алуу, 2 алдамчылыктын бети ачылып, 3 издөөдө жүргөн атуул кармалган.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери (КР ӨКМинин Баткен шаары боюнча бөлүмү К.Шарипов)
Шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кеспеттерин жоюуда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаары боюнча бөлүмү (К.Шарипов) натыйжалуу иш аракеттерди жүргүзүүгө жетишти. 2025-жылдын 12 ай аралыгында Баткен шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал катталган жок. 2025-жылы 12 ай аралыгында 51 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар 28 251283 сомду түзөт жана өрт кырсыгынан сакталган материалдык баалуулуктар 217 013000 сомду түзөт. 2025-жылы 12 ай аралыгында 60 өрт кырсыгы катталып, өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар 6870854 сомду түзөт жана өрт кырсыгынан сакталган материалдык баалуулуктар 51519000 сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын 2018-жылы 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 13-бөлүкчөсүнө ылайык, 2025-жылга шаардык бюджетинен болжол менен 1000000 мин сом акча каражаты жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштетүүгө багытталган. 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чарасы боюнча: -Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы сел жүрүүчү сайынын 350 метр аралыгын, Чет-Булак кварталындагы сел аранынын 1000 метр аралыгын, Келечек кварталындагы сел аранынын 400 метр аралыгын жана Кызыл-Жол кварталындагы сел аранынын 1000 метр аралыгын механикалык тазалоо иштери аягына чыкты. Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Кызыл-Жол кварталындагы сел аранынын 500 метр аралыгына механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
Жер мунапысы боюнча аткарылган иштер
Жер мунапысы боюнча иш чаралар башталгандан бери 60 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2458 арыз келип түшүп, Баткен шаарынын аймактык башкармалыктары тарабынан комиссиянын кароосуна сунушталган. Анын ичинен 1933 арыз коомдук талккуга илинген, 1933 арыз коомдук талкуудан өткөн. Ал эми 1805 жарандын жалпы 181,1 га түзгөн жер аянттары мыйзамдаштырылып, же арыз берүүчүлөрдүн 73,4% на Баткен шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилип берилген. Мамлекеттик комиссиянын кароосуна 165 арыз жиберилген. Анын чичнен 48 жер аянтына курулуш курулган, 117 жер аянты курулушу жок шахмат түрдө жайгашкан жер аянттар.
Ошондой эле 350 жарандын арыздары кайтарылган. Себеби бул жарандардын документтери эч кандай мыйзамга туура келбегендиктен жана коргоо тилкеде турган жер аянттарга мыйзамсыз курулуштарды куруп алгандыктан арыздары канаатандыруусуз калтырылган. (Мисалы: электр линияларынын, суу каналдарынын, таза суу түтүктөрүнүн, коомдук пайдалануудагы жерлердин ж.б. коргоо тилкелеринде)
Архитектура ишканасы тарабынан 1236 жаранга корутундулар берилген. Ал эми Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалы тарабынан 728 жаранга мамлекеттик каттоо актылары жана 688 жаранга техникалык паспорттор берилген. Жогорудагы катыңыздарда белгиленгендей 2025-жылдын 23-декабрына чейин жер мунапысы боюнча кайрылган арыздар каралып бүтөөрүн билдиребиз. Жер мунапысына кирген участкалары боюнча маалымат: Жогорудагы жалпы жер мунапысына жалпы 2458 арыз берген жарандын ичинен 726 жаран шаар ичинде шахматтык түрдө жайгашкан курулушу салына элек тамарка жер аянттары (участкалар) боюнча кайрылышкан. Бүгүнкү күндө 489 арыз комиссияда каралып, канааттандырылды. Анын ичинен 489 жарандын 58,5 га жер аянтын түзгөн тамарка жер аянттары турак жай куруу үчүн мыйзамдаштырылып берилди. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 27-19151 тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 4-августундагы №01-12/205 сандуу буйругунун негизинде, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 5-августунда №212 сандуу буйругуна ылайык, мыйзамсыз курулуштардын мыйзам бузуу фактыларын аныктоо, тиешелүү чараларды көрүү максатында жана жер мыйзамдарын жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, атайын жыйын өткөрүлүп, комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен жер мунапысы кабыл алынгандан кийин курулуп калган жалпы 11 обьектилер аныкталды. Анын ичинен: Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын аймагынан 9 жаран, Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын аймагынан 1 жаран, Чет-Булак аймактык башкармалыгынын аймагынан 1 жаран,
Мындан сырткары Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы менен биргеликте Чет-Булак кварталында 2010-жылга чейин мыйзамсыз берилип кеткен 34 мыйзамсыз берилген турак жай жер аянттары сот органдарына өткөрүлүп, учурда соттук иштери жүрүп жатат. Алардын ичинен 4 жаран жер аянттарын мыйзамдаштыруу жөнүндө Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Жер мунапысын жүргүзүү боюнча” комиссияга арыз менен кайрылган.
№
Облус/ район/шаар
Комиссияга түшкөн арыздар
Комиссиядан өтүп токтому берилген жарандардын саны (адам)
Анын ичинен
Соттук кароодо
Берилген мамлекеттик актылар
Берилген техпаспорттор
Комиссиянын каралып коомдук талкууга илинген арыздар
Мамлекеттик комиссиянын короосуна жиберилген арыздар
Кайтарылган арыздар
1
Баткен шаары
2458
1805
1933
165
357
3
728
688
Инвестиция тартуу
Жалпы ички жана тышкы инвестиция тартууда план боюнча 1985,7 млн сомдук 64 иш чара кабыл алынган болсо анын ичинен 20 иш-чара аткарылып 1637,8 млн сомду, же 71,6 %ды түзгөн. Бүгүнкү күндө калган 44 иш чарада жумуштар жүрүүдө.
Алсак,
- республикалык бюджет - 1197,5 млн сом;
- жергиликтүү бюджет - 84,4 млн сом;
- жеке секторлор - 22,1 млн сом;
- тышкы инвестиция - 218,5 млн сом;
- ар түрдүү каражаттар - 115,0 млн сомго аткарылган.
Республикалык бюджеттен аткарылган иштер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун түздөн-түз колдоосу менен Республикалык бюджеттин эсебинен 1231,1 млн сомдук 12 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 8 иш чарага каржылоо болуп, 1197,5 млн сомдук 8 иш чара аткарылган. Ошондой эле бүгүнкү күндө 4 иш чарада жумуштар жүрүп жатат. Алсак,
- Чет-Булак өнөр жай зонасынын негизги жолуна асфальт төшөө долбоорун ишке ашыруу. Республикадан жалпы 33,0 млн сом каржылоо каралган.
- Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын куруу долбоору.Долбоордун жалпы суммасы 50,0 млн сомду түзөт.
- Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына муниципалдык соода-сатык борборун куруу Долбоордун жалпы суммасы 359,0 млн сом. Республикалык бюджеттен 48,0 млн сом каралган.
- Чет-Булак аймагынын Айгүл-Таш көмөк чордону участкасында 1200 орундуу орус-кыргыз мектебинин коммуникацияларын куруу жана короосун тосуу. Республикалык бюджеттен 25,2 млн сом каралган.
- Чет-Булак аймагындагы Алымбек датка көчөсүндө спорт комплексин куруу долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 242,4 млн сомду түзөт. Республикалык бюджеттен 35,0 млн сом каралган.
- Чет-Булак АБда 10 миң орундуу эл аралык стандарттагы борбордук стадионун куруу долбоору Республикалык бюджеттен 1000,0 млн сом каралган.
Дем берүүчү гранттан 4 долбоор ишке ашырылган. Алсак,
- Баткен шаарынын Жеңиштин 40 жылдыгы көчөсүнүн түндүк тарабына тротуар жана агын суу ноолорун орнотуу долбору. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 3603,8 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 3855,1 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын ССРдин 60 жылдыгы көчөсүнүн 2 тарабына тротуар жана агын суу ноолорун орнотуу долбору. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 3155,9 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 3976,8 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын Муса Кадыр көчөсүнө тротуар жана агын суу норлорун орнотуу долбору. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 4698,1 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 5944,3 миң сом каржыланган.
- Баткен шаарынын Э.Калыков көчөсүнүн түндүк тарабына тротуар жана агын суу ноолорун орнотуу долбору. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 2 803,4 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 2135,4 миң сом каржыланган.
Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 2025 жылы Баткен шаарынан 3 долбоор колдоого алынып курулуш иштери башталган. Атап айтсак:
- “Муниципалдык дүң соода комплексин куруу” долбоору. Республикалык бюджетте каралган 500 млн сомдун алкагында 102,0 млн сом сунушталды. Куруу иштери улануда.
- Муниципалдык автобекет куруу долбору. Долбордун жалпы суммасы 65,5 млн сом. Куруу иштери уланууда.
- Өнөр жай аймагынын 4,8 км негизги жолуна асфальт төшөө долбоору. Республикалык бюджетте каралган 500 млн сомдун алкагында 280,2 млн сом сунушталган. Асфальт толугу менен төшөлдү.
- Чет-Булак аймагындагы өнөр жай зонасына 110/35/10 кВт көмөк чордонун куруу долбоору. Бөлүнгөн сумма 35,1 млн сом. Толугу менен ишке берилди.
Жергиликтүү бюджет
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 118,6 млн сомдук 39 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 34 иш чарага каржылоо болуп, 26 иш чара аткарылып 84,4 млн сомду түздү. Бүгүнкү күндө 5 иш чарада жумуштар жүрүүдө. Ошондой эле калган иш чараларды каржылоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. Негизгилерин алсак:
- Чет-Булак өнөр жай зонасынын негизги жолуна асфальт төшөө долбоорун ишке ашыруу. Долбоордун сметалык баасы 8,2 млн сом.
- Баткен шаарынын Жеңиштин 40 жылдыгы, Муса Кадыр, СССРдин 60 жылдыгы, Э.Калыков көчөлөрүнө тротуар жана агын суу ноолорун орнотуу. Долбоордун жалпы суммасы 15,9 млн сомду түзөт.
- Муниципалдык “Автобекет” куруу долбоору Долбоордун жалпы суммасы 65,5 млн сом Жергиликтүү бюджеттен 10,6 млн сом каржыланат.
Тышкы инвестиция тартуу
Баткен шаары боюнча тышкы инвестиция тартууда 502,7 млн сомдук 15 иш чара кабыл алынган. 2025-жылдын жыйынтыгына карата 12 иш чара аткарылган жумуштардын көлөмү 218,8 млн сомду түзөт. Алсак;
- Базар-Башы а/б 50 орундуу балдар бакчасын куруу иштери жүрүдөө, долбоору 2,0 млн сом.
- Базар-Башы а/б ФАП (100 м2) куруу иштери жүрүдөө, долбоору 1,5 млн сом.
- Базар-Башы а/б дарыкана (100 м2) куруу иштери жүрүдөө, долбоору 0,9 млн сом.
- Кызыл-Жол аймагына ФАП куруу иштери жүрүдөө, долбоору 4,9 млн сом.
- Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин кошумча имаратын куруу иштери жүрүдөө. Долбоордун жалпы суммасы 207,0 млн сом. Анын 35,4 млн сому тышкы инвестициядан каржыланган.
- Чет-Булак АБ Аэропорт участкасына жаңы мектеп имаратын куруу долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 181,1 млн сом. Анын 20,0 млн сому тышкы инвестициядан каржыланган.
- Жаштар үйүн ремонттоо жана жаштар үйүнө жабдууларды сатып алып орнотуу. Долбоордун жалпы суммасы 10,5 млн сомду түзөт.
- "Жаштык" жана "Жеңиш" эс алуу бактарын АРИС уюму тарабынан реконструкциялоо долбоору. Долбоордун жалпы суммасы 137,5 млн сомду түзөт.
Ар түрдүү каражаттар Ар түрдүү каражаттардын эсебинен 115,0 миң сомдук 4 иш чара кабыл алынган. 2025-жылдын жыйынтыгына карата 4 иш чара аткарылган жумуштардын көлөмү 115,0 млн сомду түзөт Алсак,
- Үч этаждуу Медресе "Муьаз Ибни Жабал" курулду Сайдыман ажы көчөсү квартал Кызыл-Дөң, долбор 50,0 млн сомду түзөт.
- Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө байкоо аянтчасын куруу долбоору 10,0 млн сомду түзөт.
-“Октябрь” кинотеатрынын реабилитациялоодон өткөрүлдү, долбору 30,0 млн сомду түзөт. -Чет-Булак аймагындагы өнөр жай зонасына 110/35/10 кВт көмөк чордонун куруу аягына чыкты, долбоору 25,0 млн сомду түзөт. Жеке сектор 2025-жылдын жыйынтыгында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо багытында жалпы суммасы 22,1 млн сомдук 3 иш чара кабыл алынган. Анын ичинен 3 иш-чара аткарылды, Алсак,
- ЖЧК”Автомагистраль” тарабынан Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына асфальт бетон заводу курулду Долбоордун жалпы суммасы 15,0 млн сомду түзөт.
- Жеке ишкер П.Мирзаев Баткен шаарынын Чет-Булак аймагына эс алуучу жайы курулду. Долбоордун жалпы суммасы 1,7 млн сом.
- Жеке ишкер Ч.Шүкүров тарабынан Өнөр жай алкагында картон кагаздарын кайра иштетүүчү цех курулду. Долбоордун жалпы суммасы 5,4 млн сомду түзөт.
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 172.9 га өнөр жай багытындагы жер аянтын максаттуу пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иш аракеттер боюнча маалымат Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-январындагы №617 токтомунун негизинде Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 172.9 га жер аянтын «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформацияланган. Бул өнөр жай алкагына бүгүнкү күндө 19 жеке ишкерден жаңы ишканаларды ачуу боюнча арыздар түшкөн. Жакынкы жылдарда 2423 жумуш орунду камсыз кылуучу 32 жаңы ишкана ачууну пландаштырып жатабыз. Бүгүнкү күндө жалпы 21,31 га жер аянты жеке ишкерлерге берилген. Өнөр жай алкагына 30 миң тоокко ылайыкталган “Ак-Сай Кент” жумуртка багытындагы тоок фермасы курулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы суммасы 30,0 млн сом. Ошондой эле, күнүнө 1000,0 тонна асфальт бетон чыгаруучу завод (ЖЧК Автомагистраль) 2025 жылдын 31 августында ишке берилди. Айыл чарбасы боюнча маалымат Айыл-чарбасы, аңчылык жана токой чарбасынын продукциясынын дүн чыгарылышы 2025-жылдын январь-декабрь айларында 1109701,1 мин. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 106,8 пайызды түздү. 2025 жылдын январь-декабрь айларында 1010,0 тонна эт, 2656,0 тонна сүт, 3123,5 миң даана жумуртка, 15,0 тонна жүн өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт өндүрүү 1,2 пайызга сүт өндүрүү 1,1 жумуртка өндүрүү 1,6 жүн өндүрүү 1,1 пайызга өскөн. Эт өндүрүү Баткен шаарында 100,3%, сүт өндүрүү 100,4 % өскөн. Баткен шаарында 1468,0 га айдоо жер бар. Анын ичинен 767,7 га сугат жерлер, 267,0 га кайрак жерлер, 744,7 га көп жылдык бактарды түзөт. Шаарда 47 км арыктар бар. Анын ичинен 22,3 км аралыгы лоток, 2023-жылы стимгранддын эсебинен 2152м, 2024-жылы 1936,7м лоток орнотулган. Төрт-Гүл суу сактагычынын аянты – 657,0га жерди түзөт. 2025-жылдын түшүмү үчүн 40 га жерге жаздык будай, 12 га арпа эгилген. Баткен шаарынын аймагында оруп жыйноого 1 комбайн келип, буудай жана арпаны оруп бүткөрүлдү. 2026-жылдын түшүмү үчүн 31 га жер аянтына күздүк будай эгилип, анын ичинен 10 га жер аянтына “Кызыл-Дан” үрөнчүлүк чарбасы тарабынан эгилген.
Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Төрт-Гүл участкасынан 2020-жылы 225,0 га жер аянты “Айыл чарба категориясынын” жайыт багытынан көп жылдык бак багытына которулган. Бүгүнкү күндө 31 жаранга 86,65 га жер аянты тамчылатып сугаруу ыкмасы менен көп жылдык бактарды отургузуу үчүн ижарага бөлүнүп берилди. Анын ичинен 73,0 га жер аянтына тамчылатып сугаруу менен көчөттөр отургузулган. Анын ичинен 42,0 га бадам, 8,0 га гелас, 13,0 га өрүк, 10,0га алма көчөттөрү отургузулган. 138,35га жерди ижарага берүүгө даяр. Бул иш чара улантылып жатат 2025-жылга карта 30,0 га жер аянтын тамчылатып сугаруу менен көп жылдык бактар отургузулду. 2020-жылдын башында «Анварбек» айыл чарба кооперативи уюштурулуп, 20,0 га жерге тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бадам көчөттөрү отургузулган.
Баткен шаарынын жалпы аянты -18 116 га Айдоо аянты- 1468 га Сугат жер-767,7 га Кайрак-267 га Бак-744,7 га Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери Баардык жер аянты-469 га Сугат жер-268,4 га –берилбей калганы – 60,5. Аэропорт -54,0га, Булак-Башы-6,5га Кайрак жер- 77 га Көп жылдык бак-124.7 га
К.Б.Фнын жерлеринен 1 жылдык ижара акы-1 млн 550мин сом.
Элге берилген үлүш жерлердин аянты Айдоо аянты-1106 га Сугат жер-916 га Кайрак жер-190 га Бак-526 га
Жайыттын аянты
Жалпы жайыт аянты-4324 га болуп, 15 ижарачы менен 18,82 га жер аянтына келишим түзүлүп, 2025-жылга 272000 сом түшкөн.
«Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи 2008-жылдын 19-ноябрында түзүлгөн. Жетекчиси Дыйканов Аскарбек Ысманович бүгүнкү күндө үрөн чарбаны жетектеп келүүдө. «Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативине Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин 2009-жылы 8-июлундагы №190-буйругунун негизинде 2-группадагы үрөнчүлүк чарба статусу берилген.
- Баткен шаарынын мэриясынын КБФнын жеринен 68,1 га, анын 66,0 га сугат, 2,1 га бак (айыл чарба багытындагы жерлер) ижарага алган. Ижара төлөмү бир жылга 286,0 миң сом. 2019-жылы 26-декабрда 10 жылга келишим түзүлгөн.
«Кызыл-Дан» айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативинин 9 техникасы, 280 м2 дан кургатуучу аянтчасы (кырман) жана 500 тонналык кампасы бар. “Кызыл-Дан” үрөөнчүлүк чарбасынын 2025-жылдын 1-ноябрына карата маалыматы
Эгилген эгиндер
Жер аянты
Жыйынтыгы
1.
Жаздык будай
11га
29ц=24,6тонна
2.
Күздүк будай
5га
29ц=3,5тонна
3.
Жаздык арпа
5га
29ц=3,5тонна
4.
Жүгөрү дандык
6га
33 тонна
5.
Жүгөрү силос
11га
6.
Беде
28га
6000даана пресс алынды
7.
Бак
2,1га
«Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки чарбасы «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасы 1997-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө асыл тукум эчки заводунда” тыбыт өндүрүү багытында 2200 баш кыргыз уяң жүндүү эчки бар. 2025-жылдын төлүн эсептөө иштеринин негизинде 414 төл алынды. Ошондой эле 2024-жылы 500 кг тыбыт таралган. 2025-жылы 583кг тыбыт алынды. «Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки чарбасы кайра бөлүштүрүү фондунан 38 га жерди ижарага алып, 26,0 га аянтына беде, 8,0 га аянтына жүгөрү эгилип, 4,0га чөп айдалган. 2024-жылы 10,0 тонна арпа жана 16,7 тонна буудай түшүм жыйналган. Бүгүнкү күндө эчки чарбадагы эчкинин саны 2200 башка жетип, Баткен шаарынын 9 тургуну туруктуу жумуш оруну менен камсыздалган. “Тегермен-Башы” асыл тукум эчки заводунун 2026-жылдын 1-декабрына карата маалыматы
Эгилген эгиндер
Жер аянты
Жыйынтыгы
1.
Беде
29га
6000даана пресс алынды
2.
Жүгөрү
9га
30 тонн сотосу менен
4.
Алынган тыбыты
583кг
2600сомдон сатылды
“ Ак-Сай Кенч” тоок фермасы
Баткен шаарында 1 тоок фермасы бар. Заманбап жабдуулар менен жабдылган. Тоок ферма куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Чет-Булак кварталындагы өнөр жай зонасынан 2,0 га жер тилкеси бөлүнүп берилип, жеке ишкер Абдулаев Адилет өнөр-жай алкагына 75 миң тоокко ылайыкташтырылган тоок ферма курган. Каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан колдоого алынып, банкттар аркылуу ага 30,0 млн сом жеңилдетилген насыя берилген. Жабдуулар Түркия мамлекетинен алып келинип, ишкана 1 кабаттуу болуп курулган. Ферма заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт. Учурда фермада 76 миң тоок бар. Фермада 6 адам жумуш орун менен камсыздалып, орто эсеп менен жумушчуларга 25 миң сом эмгек акы төлөнөт. Күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда. Ирригация тармагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” № 207 токтомунун негизинде Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-февралындагы “Төрт-Гүл суу сактагычынын ээлеген жер аянтын, шаардын аймагындагы магистралдык жана ички каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” №56 токтому кабыл алынып; -суу сактагычка келип куюучу жер аянты 3,4га түзгөн 2,7 км магистралдык каналы; -суу сактагычтан чыккан жер аянты 13,36га түзгөн 19,0 км магистралдык каналы; -суу сактагычтан чыккан азыктандыруучу жер аянты 3,8га түзгөн 7,6 км каналы Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген. Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагында 29,3 чакырым аралыктагы канал өткөрүлүп, 29,3 км канал механикалык күч менен тазалоо планына кирип, тазаланып, сугат суу берилди. 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүү боюнча 2025-жылдын түшүмү үчүн себилген күздүк будай жана арпа боюнча, 12га жер аянтына вакула сортундагы арпа жана 20га жерге стекловидный сортундагы будай себилип, 29 ц/га түшүм жыйналган. Ал эми 2026-жылдын түшүмү үчүн 31га жер аянтына будай эгилип анын ичинен 10га жер аянтына “Кызыл-Дан” үрөнчүлүк чарбасы канаданын тринити сортундагы будай себилген. Жалпысынан Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Төрт-Гүл участкасына жана Булак-Башы аймактык башкармалыгынын Параң участкаларына эгилген.
Аппараттын жетекчиси М.Бегалиев
Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлумүнүн башчысы И.Рыскулова
Өнөр жай, курулуш жана айыл чарба секторунун башкы адиси Э.Пинназаров
Өнөр жай, курулуш жана айыл чарба секторунун башкы адиси Б.Кулдашев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О Гражданской защите»Закон · 24.05.2018 · № 54
- Указ Президента Кыргызской Республики от 18 октября 2023 года УП № 262 "Об утверждении Типового положения о карьерном планировании государственных гражданских служащих и…Указ · 18.10.2023 · № 262