Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Турпак айылдык кенешинин «Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-июлундагы “Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө” № 26 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Турпак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI1I сессиясы
2025-жылдын 2-декабры № 42 Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-июлундагы “Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө” № 26 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-ноябрындагы № 621 токтомуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин 2025-жылдын 20-октябрындагы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына жолдогон катына ылайык жана жер аянттарынын такталышынын жыйынтыгында суралган жер аянты 1000 (бир миң) гектар эмес, 763 ( жети жүз алтымыш үч) гектар болуп аныкталгандыгына байланыштуу, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айылдык кеңешинин 01.07.2025-жылдагы № 26 сандуу “Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө” токтому, суралган жер аянтынын өлчөмү өзгөргөндүгүнө (1000 га ордуна 763 га) байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
А.Т. Имаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.