Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» Токтому
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-апрели № 6/3
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн» тартиби жана Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17.04.2025-жылдагы №01-20/79 сандуу катынын негизинде, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара акысынын өлчөмү төмөндөгү формуланын негизинде белгиленсин;
ИА¹= БСН * К, мында ИА¹ - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү; БСН – айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктын наркы; К – сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент; 30 – иш жүзүндөгү сугат жер; 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер; 10 – сугаттын жоктугу.
2. Эсеналы Дайракунов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөндөгү көрсөтүлгөн контурлар боюнча коэффициенттер бекитилсин;
1) Моло участкасы
- №37, №38 контурлар, 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;
- №42, №43, №48, №50, №53, №56, №80, №83, №84 контурлар, 30 – иш жүзүндөгү сугат жер.
2) Тогуз – Коо участкасы
- №5134, №5150 контурлар, 20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;
- №5108, №5138 контурлар, 30 – иш жүзүндөгү сугат жер.
3) Орус-Булак участкасы
- №4464 контуру,30 – иш жүзүндөгү сугат жер.
4) Кара-Жон участкасы
- №4868 контуру,20 – сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер.
5) Баскыя-Жон участкасы
- №78 контуру,10 – сугаттын жоктугу.
6) Кара-Талаа участкасы
- №102, №286, №273, №242-1, №242-3, №349 контурлар,30 – иш жүзүндөгү сугат жер.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага
Ы.Бакаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Приказ Министерства водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности КР от 25 февраля 2025 года № 04-13/59 "Об утверждении Порядка предоставления земель…Приказ · 25.02.2025 · № 04-13/59