# Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 57 "Султан Ибраимов айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 57 "Султан Ибраимов айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 57
- Дата принятия: 15.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230042995>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-53224/edition/49673/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 57 "Султан Ибраимов айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230042995

---

СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги VIII отурумунун

2025-жылдын 15-октябры № 57

Султан Ибраимов айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 сандуу “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” -Токтомун аткаруу максатында, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 39-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Султан Ибраимов айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.19.08.2025-жылдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарык көргөн “Көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү”- жөнүндөгү № 502 Токтомунун негизинде Султан Ибраимов айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартиби”- ушул токтомдун 1- тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду аткарууда,Султан Ибраимов айыл аймагында, жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктары камсыздалып, аймактарда санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо милдеттери колго алынсын.

3.Токтомду аткаруу милдети Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кенешинин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирсин.

Төрага

С.Б. Жантемиров
