# Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 57 «Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 57 «Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 57
- Дата принятия: 10.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041987>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52412/edition/48612/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 57 «Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому (ред. от 10.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041987

---

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия

2025-жылдын 10-октябры № 57

«Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»

Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбооруна катышуу жана «Фрунзе айылындагы “Солнышко” балдар бакчасынын имаратынын 2-канатын, 1-кабатын жылытуу системасын орнотуу менен капиталдык оңдоо» долбоорун каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-жылга карата үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбоорунун бюджетин 5 850 595 (беш миллион сегиз жүз элүү миң беш жүз токсон беш) сом өлчөмүндө бекитсин.

2. 2026-жылга карата долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө бекитсин.

3. 2026-жылга карата үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү акча каражаттарды бөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичке жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

Төрайым

Р.К. Момунова
