Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө» токтому
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 10-октябры № 57
«Үлүштүк (стимул берүүчү) грант боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбооруна катышуу жана «Фрунзе айылындагы “Солнышко” балдар бакчасынын имаратынын 2-канатын, 1-кабатын жылытуу системасын орнотуу менен капиталдык оңдоо» долбоорун каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбоорунун бюджетин 5 850 595 (беш миллион сегиз жүз элүү миң беш жүз токсон беш) сом өлчөмүндө бекитсин.
2. 2026-жылга карата долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө бекитсин.
3. 2026-жылга карата үлүштүк (стимул берүүчү) гранттар долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү акча каражаттарды бөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрайым
Р.К. Момунова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.