Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө” токтому
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 3-октябры № 50
“Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “ Кыргызгосплемзавод” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкесин Манас айыл өкмөтүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 токтомунун негизинде Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкесин Манас айыл өкмөтүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп алууга макулдук берилет.
2.Кабыл алынган контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкеси өз багыты менен пайдаланылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.
Төрайым
Момунова Р.К.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.