# Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 49 “Манас айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 49 “Манас айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 49
- Дата принятия: 03.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041967>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52394/edition/48591/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 49 “Манас айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө” токтому (ред. от 03.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041967

---

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессия

2025-жылдын 3-октябры № 49

“Манас айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Манас айыл аймагындагы калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында,төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлсүн;

- жумуш күндөрү- саат 22:00ден 07:00 ге чейин;

- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00ден 09:00ге чейин;

2.Манас айыл аймагынын жашоочулар арасында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын сактоого,түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3.Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келүүсү эске алынып, Мыйзам бузуулар катталган учурда тийиштүү административдик жазалар колдонулсун.

4.Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

Төрайым

Момунова Р.К.
