Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө” токтому
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 6-августу № 46
“Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө”
Манас айыл өкмөтүнө Афган согушунун ардагери Токтосунов Абдирасулдун Т-608 13.08.2025-жылы жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 30-декабрындагы №319 Мыйзамынын негизинде Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине (20 киши) коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдүн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө Манас айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн сууга, таштандыга, саркынды сууларга 100% мөөнөтсүз бошотулсун;
2. Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлеринин үй-бүлөөлөрүнө коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу- ЧЕТКЕ КАГЫЛСЫН;
3. МИ “Таза айыл учун” мүдүрү Сатеков Ж.Ж жана башкы эсепчи Асланова С.И токтомдун аткарылышы боюнча эсептөө жүргүзсун;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.
Төрайым
Момунова Р.К.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 30.12.2009 · № 319