# Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №39 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №39 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39
- Дата принятия: 13.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041709>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52172/edition/48303/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Сай айылдык кенешинин 2026-жылдын 13-февралындагы №39 "Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 13.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041709

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

2025-жылдын 13-февралы №39 Ак-Сай айыл аймагына караштуу Миң-Булак жалпы негизги билим берүү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, “Миң-Булак” жалпы негизги билим берүү мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 18-декабрындагы протоколунун негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Мин-Булак айылындагы жалпы негизги билим берүү мектебине Кыргыз элинен чыккан Кокон хандыгынын саясий жана мамлекеттик ишмери Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сайайыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровко тапшырылсын.

Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана регламент, мандат боюнча комиссия.жүктөлсүн.

Тѳрага

Ш.Омурова
