Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин «Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 23-октябрындагы № 10/46 “Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХII сессиясы (VIII чакырылыш) 2026-жылдын 17-февралы № 22/92
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 23-октябрындагы № 10/46 “Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №711 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы №566 “Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 12-февралындагы №01-14/505 катын жана Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы №24 протоколун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 23-октябрындагы №10/46 “Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Токтомго ылайык тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага:
А.Мурзаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 22.11.2024 · № 711
- Постановление Правительства КР от 10 сентября 2009 года № 566 " Об образовании территориальных управлений сел (поселков) мэрий городов"Постановление · 10.09.2009 · № 566 · Утратил силу