Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Самаркандек айылдык кенешинин «Самаркандек айыл окмотүнүн аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы 2026-жылдын 16-февралы № 103 Самаркандек айыл окмотүнүн аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы Рахман у. Тайирбектин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун негизинде баяндамасын угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнун аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо акысыз аткарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т. жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага:
Газыбек у.А
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.