# Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 26-ноябры № 14/3 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 26-ноябры № 14/3 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/3
- Дата принятия: 26.11.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.11.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041634>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-52102/edition/48223/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.11.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 26-ноябры № 14/3 Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 26.11.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041634

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясы

2025-жылдын 26-ноябры № 14/3

Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы А.Темур атындагы орто мектебине кичи футбол аянтча курууга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 963066 (тогүз жүз алтымыш үч миң алтымыш алты ) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы долбоорлорду 2026-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Н.Шамаматов
