Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 26-ноябры № 14/1
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы “Ай-Шооласы” мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 256 372 (бир миллион эки жүз элүү алты миң уч жүз жетимиш эки) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы долбоорлорду 2026-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.Шамаматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 мая 2023 года № 247 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 15.05.2023 · № 247 · Утратил силу