# Исхак-Полотхан айылдык кенешинин 2026-жэылдын 17-февралындагы №54 "Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Исхак-Полотхан айылдык кенешинин 2026-жэылдын 17-февралындагы №54 "Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 54
- Дата принятия: 17.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230041502>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51988/edition/48079/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исхак-Полотхан айылдык кенешинин 2026-жэылдын 17-февралындагы №54 "Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230041502

---

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 13-сессиясы 2026-жылдын 17-февралы № 54 Исхак-Полотхан айыл аймагынын Көк-Тал айылындагы №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” №67 мыйзамына негиз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык, №55 Достук жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамаатынын протоколуна негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. №55 Достук жалпы билим берүү мектебине Алымбек датканын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссияга белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

3. Токтомду мыйзамдарда белгиленген тартипте жетекчиликке алуу жана мекемени кайра катоодон өткөрүү жагы мектептин директору Б. Дөрмөновага сунушталсын.

Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Г.Матажиев
