# Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/31
- Дата принятия: 22.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040970>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51557/edition/47490/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жазы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-апрели № 6/31 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040970

---

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2025-жылдын 22-апрели № 6/31

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 28624,3 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 8587,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Камчибеков
