Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жазы айылдык кеңешинин «2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-апрели № 6/31
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 28624,3 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 8587,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К.Камчибеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 декабря 2024 года № 821 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "О пилотном проекте по передаче районных/региональных…Постановление · 31.12.2024 · № 821 · Утратил силу