Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А.Масалдиев айылдык кенешинин «А.Масалиев айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтому
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2026-жылдын -28 январы № 6
А.Масалиев айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин социалдык маселелер жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
А.Масалиев айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысына:
Бекитилген реестрди маалымат такталарына жана расмий сайттарга (бар болсо) жайгаштыруу; Кызмат көрсөтүү стандарттарын жана регламенттерин иштеп чыгуу; Акы төлөнүүчү кызматтардын баасын (тарифтерин) мыйзам чегинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу тапшырылсын.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Галботоев
А.Масалиев айылдык кеңешинин
кезектеги 18-сессиясынын 2026-жылдын “_28__”январындагы №6 токтомуна №1 тиркеме
А.Масалиев айыл аймагында муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо айыл өкмөтү тарабынан калкка, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүүнүн, бекитүүнүн, жүргүзүүнүн жана жаңылоонун тартибин аныктайт.
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри:
• муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен;
• айыл өкмөтүнүн аймагында киргизилген кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинен турат.
4. Бул Жобонун талаптары айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жана муниципалдык мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринин максаты жана принциптери
5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүүнүн негизги максаты:
• Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, коррупцияны алдын алуу жана "Түндүк" санариптик системасын жайылтуу
• калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды иретке келтирүү;
• кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
• ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу.
6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
• мыйзамдуулук;
• тең укуктуулук;
• жеткиликтүүлүк;
• ачык-айкындуулук;
• сапаттуулук жана натыйжалуулук.
3-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри
7. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жетекчиликке алат.
8. Базалык реестрге кирген кызматтар айыл өкмөтүнүн аймагында милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
9. Базалык реестрге кирген кызматтар боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү стандарттардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги
10. Айыл өкмөтү жергиликтүү коомдоштуктун муктаждыктарын эске алуу менен кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
11. Кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жыйынынын, айылдык кеңеш депутаттарынын сунушунун же айыл өкмөтүнүн демилгесинин негизинде киргизилет.
12. Кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
13. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр акысыз же акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшү мүмкүн.
5-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары
14. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү стандарттын негизинде иштелип чыгат.
15. Стандартта кызмат көрсөтүүнүн тартиби, мөөнөтү, талап кылынуучу документтер жана кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы көрсөтүлөт.
6-глава. Реестрди жүргүзүү жана жаңылоо
16. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
17. Реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда калкка 10 календардык күндүн ичинде маалымдалат.
7-глава. Жоопкерчилик
18. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.
19. Реестрге кирбеген акы төлөнүүчү кызматтардан алынган кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджетке алынат.
20. Бул Жобонун талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
21. Кызмат көрсөтүүчүлөр болуп айыл өкмөтүнүн аппараты жана анын алдындагы муниципалдык ишкана эсептелет.
8-глава. Акыркы жоболор
22. Бул Жобо айылдык кеңештин чечими кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
23. Жобонун аткарылышын контролдоо айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестри
1. Турак жай жана коммуналдык чарба тармагы
Бул бөлүм айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган кызматтарды камтыйт.
· Ичүүчү суу менен камсыздоо: Сууну пайдалануу үчүн уруксат берүү жана техникалык шарттарды түзүү.
· Тиричилик калдыктарын чыгаруу: Таштандыларды чогултуу жана ташуу кызматын уюштуруу.
· Көркөндүрүү жана жашылдандыруу: Коомдук жайларды тазалоо жана жашылдандыруу боюнча кызматтар.
· Көрүстөндөрдү күтүү: Көрүстөндөн жер бөлүп берүү жана аларды тейлөө.
· Электр энергия менен камсыз кылуу: айылдарга столба алып берүү, айылдарга трансформатор алуу, айылдарга асбесцемент трубаларын сатып алуу, айылдарга электр чубалгыларын сатып алуу, көчөлөрдү жарыктандыруу.
· Муниципалдык менчиктеги объектерди сактоо жана оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү.
2. Жер иштетүү жана мүлк мамилелелерин жөнгө салуу
· Жер участокторуна укук берүү: Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү же пайдаланууга берүү боюнча документтерди даярдоо.
· Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (ФПС): Жерлерди ижарага берүү боюнча сынактарды өткөрүү.
· Дарек берүү: Үйлөргө жана имараттарга так дарек (аншлаг) берүү жана аны каттоо үчүн кандай иш кагаздар керектиги боюнча түшүндүрмө берүү.
· Жарнамалык щитти жайгаштыруу үчүн жер тилкесин берүү: мыйзамда белгиленген тартипте.
· Документ даярдоого керектелүүчү иш кагаздар: жер тилкесин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн чечимин берүү (айыл өкмөтүндө болсо), жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга айыл өкмөтүнүн чечимин берүү (айыл өкмөтүндө болсо).
· Жайыт жерлери: жайыттарды пайдалануу боюнча келишим түзүү.
3. Социалдык жана маданий кызматтар
· Маалыматтык маалымкаттарды Түндүк тиркемесинен алууга көмөктөшүү: Жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат алуу үчүн Түндүк тиркемесине каттоого көмөктөшүү (Түндүк аркылуу жок болсо)
· Санарип аймак программасына каттоо: Жарандардын жашаган дарегинен Түндүк аркылуу маалымкаттар так чыгуусу үчүн Санарип аймак программасына каттоо жүргүзүү
· Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк: Социалдык жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү документтерди топтоого көмөктөшүү.
· Маданий иш-чараларды уюштуруу: Китепканалардын, клубдардын жана спорттук аянтчалардын иштешин камсыздоо, Маданият үйүн жасалгалоо жана атайын формалар менен камсыз кылуу.
· Жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо.
· Элдик чыгармачылыктарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана акча каражатын бөлүү.
· Материалдык жардам берүү: майрамдык күндөргө карата, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам берүү (көмүр менен камсыздоо, балдарды эс алуу лагерине жөнөтүү), I жана II топтогу ДМЧА материалдык жана материалдык эмес жардам көрсөтүү, кургак учук менен ооругандарга дарыланууга баруу үчүн жол кирелерин каржылоо, ардагерлерди, ардагерлердин жесирлерин, ооруктун катышуучуларын ден-соолукту чыңдоо борборлоруна жөнөтүү.
· Спорттук мелдештерге жөнөтүү: Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана акча каржаты менен камсыз кылып берүү, спорттук аянтчаларды оңдоп түзөө жана жаңыдан куруу.
· Коопсуздук: Коомдук тартипти сактоого участкалык милиция кызматкерлерине көмөктөшүү жана алардын керектөөлөрүн камсыз кылып берүү.
· Кенсе эмеректерин сатып алуу.
· Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына күйүүчү май сатып алуу.
· Маданият үйүнүн жана борбордук стадиондун имараттарын (аянттарын) жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү.
4. Экономикалык жана административдик кызматтар
· Мамлекеттик кызматтарга көмөк көрсөтүү: Салыктарды жыйноого көмөктөшүү жана жергиликтүү маанидеги жыйымдарды кабыл алуу.
· Юридикалык маанилүү аракеттер: Нотариалдык кызматтарды көрсөтүү (эгер айылда нотариус жок болсо, кээ бир аракеттерди жооптуу катчы аткарат).
Баткен облусунун, Кадамжай районунун, А.Масалиев айыл өкмөтү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн КОШУМЧА ТИЗМЕГИ
№
Кызматтын аталышы
Көрсөтүү мөөнөтү
Төлөм түрү
1.
Турак жай-коммуналдык кызматтар
1.1.
Ичүүчү суу менен камсыздоо (техникалык шарт берүү)
5-10 жумуш күнү
Акы төлөнүүчү (Тариф боюнча)
1.2.
Катуу тиричилик калдыктарын чыгарууну уюштуруу
Бекитилген графикке ылайык
Акы төлөнүүчү (Тариф боюнча)
1.3.
Көрүстөндөн жер бөлүп берүү жана каттоо
Белгиленген мөөнөттө
Акысыз/Акылуу (Тариф боюнча)
1.4.
Электр энергия менен камсыз кылуу (айылдарга столба алып берүү, айылдарга трансформатор алуу, айылдарга асбесцемент трубаларын сатып алуу, айылдарга электр чубалгыларын сатып алуу, көчөлөрдү жарыктандыруу)
Мыйзам талаптарына ылайык
Акысыз
1.5.
Муниципалдык менчиктеги объектерди сактоо жана оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү
Белгиленген тартипте
Акысыз
2.
Жер иштетүү жана мүлк мамилелелерин жөнгө салуу
2.1.
Жер участокторуна укук берүү: (Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү же пайдаланууга берүү боюнча документтерди даярдоо)
Арыз түшкөн күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде
Акысыз
2.2.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (ФПС): Жерлерди ижарага берүү боюнча сынактарды өткөрүү
Регламент боюнча
Акы төлөнүүчү (Аукциондо жеңип алган сумма боюнча)
2.3.
Дарек берүү: Үйлөргө жана имараттарга так дарек (аншлаг) берүү жана аны каттоо үчүн кандай иш кагаздар керектиги боюнча түшүндүрмө берүү
Кайрылган күнү
Акысыз
2.4.
Жарнамалык щитти жайгаштыруу үчүн жер тилкесин берүү: мыйзамда белгиленген тартипте
Белгиленген тартипте
Акысыз
2.5.
Документ даярдоого керектелүүчү иш кагаздар: жер тилкесин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн чечимин берүү (айыл өкмөтүндө болсо), жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга айыл өкмөтүнүн чечимин берүү (айыл өкмөтүндө болсо)
Арыз түшкөн күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде
Акысыз
2.6.
Жайыттарды пайдалануу боюнча келишим түзүү
Арыз түшкөн күндөн 14 жумушчу күндүн ичинде
Акы төлөнүүчү (Тариф боюнча)
3.
Социалдык жана маданий кызматтар
3.1.
Маалыматтык маалымкаттарды Түндүк тиркемесинен алууга көмөктөшүү: Жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат алуу үчүн Түндүк тиркемесине каттоого көмөктөшүү (Түндүк аркылуу жок болсо)
Кайрылган учурда
Акысыз
3.2.
Санарип аймак программасына каттоо: Жарандардын жашаган дарегинен Түндүк аркылуу маалымкаттар так чыгуусу үчүн Санарип аймак программасына каттоо жүргүзүү
Кайрылган учурда
Акысыз
3.3.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк: Социалдык жөлөк пул алуу үчүн тиешелүү документтерди топтоого көмөктөшүү
Кайрылган учурда
Акысыз
3.4.
Маданий иш-чараларды уюштуруу: Китепканалардын, клубдардын жана спорттук аянтчалардын иштешин камсыздоо, Маданият үйүн жасалгалоо жана атайын формалар менен камсыз кылуу
Белгиленген тартипте
Акысыз
3.5.
Жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо
Дайыма
Акысыз
3.6.
Элдик чыгармачылыктарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана акча каражатын бөлүү
Кайрылган убакта
Акысыз
3.7.
Материалдык жардам берүү: майрамдык күндөргө карата, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам берүү (көмүр менен камсыздоо, балдарды эс алуу лагерине жөнөтүү), I жана II топтогу ДМЧА материалдык жана материалдык эмес жардам көрсөтүү, кургак учук менен ооругандарга дарыланууга баруу үчүн жол кирелерин каржылоо, ардагерлерди, ардагерлердин жесирлерин, ооруктун катышуучуларын ден-соолукту чыңдоо борборлоруна жөнөтүү
Арыз жазган күндөн 14 жумушчу күн аралыгында
Акысыз
3.8.
Спорттук мелдештерге жөнөтүү: Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана акча каржаты менен камсыз кылып берүү, спорттук аянтчаларды оңдоп түзөө жана жаңыдан куруу
Белгиленген тартипте
Акысыз
3.9.
Коопсуздук: Коомдук тартипти сактоого участкалык милиция кызматкерлерине көмөктөшүү жана алардын керектөөлөрүн камсыз кылып берүү
Мыйзам талаптарына ылайык
Акысыз
3.10.
Кенсе эмерекктерин сатып алуу
Белгиленген тартипте
Акысыз
3.11.
Айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына күйүүчү май сатып алуу
Белгиленген тартипте
Акысыз
3.12.
Маданият үйүнүн жана борбордук стадиондун имараттарын (аянттарын) жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү
Арыздын негизинде, келишим түзүү менен
Акы төлөнүүчү (Тариф боюнча)
4.
Экономикалык жана административдик кызматтар
4.1.
Мамлекеттик кызматтарга көмөк көрсөтүү: Салыктарды жыйноого көмөктөшүү жана жергиликтүү маанидеги жыйымдарды кабыл алуу
Туруктуу
Акысыз
4.2.
Юридикалык маанилүү аракеттер: Нотариалдык кызматтарды көрсөтүү (эгер айылда нотариус жок болсо, кээ бир аракеттерди жооптуу катчы аткарат)
Макулдашуу боюнча
Акы төлөнүүчү (Тариф боюнча)
Айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары-жооптуу катчысы К.Сатарова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.