# Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-апрелиндеги №1 «Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-апрелиндеги №1 «Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 05.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040728>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51365/edition/47229/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-апрелиндеги №1 «Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому (ред. от 05.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040728

---

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2025-жылдын 5-апрелиндеги №1

«Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө»

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы күн тартибинде меселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айлы өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун берген маалыматы эске алынсын.

2.Бүргөндү-Достук айыл аймагында мал базар уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, мал базарларды долбоорлоого, курууга, күтүүгө жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бере турган муниципалдык мал базарларды куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” жобого ылайык 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берилсин.

3.Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 59 - пунктуна ылайык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн № 3-04-02-1001-0780 иденфикациялык коду менен катталган мал базар астындагы 10 га жер күрөөгө коюлсун.

4.Токтомдун акткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары

А.Сагындыков
