Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин «Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 5-апрелиндеги №1
«Бүргөндү-Достук айыл аймагына жаңы мал базар курууга 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы күн тартибинде меселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айлы өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун берген маалыматы эске алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл аймагында мал базар уюштуруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, мал базарларды долбоорлоого, курууга, күтүүгө жана эксплуатациялоого карата ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бере турган муниципалдык мал базарларды куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” жобого ылайык 80 000 000,0 (сексен миллион) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берилсин.
3.Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 59 - пунктуна ылайык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн № 3-04-02-1001-0780 иденфикациялык коду менен катталган мал базар астындагы 10 га жер күрөөгө коюлсун.
4.Токтомдун акткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
А.Сагындыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 18 июня 2015 года № 377 "Об утверждении первоочередных ветеринарно-санитарных требований по предупреждению болезней животных"Постановление · 18.06.2015 · № 377
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 июля 2022 года № 406 "Об утверждении Положения о работе с бюджетными кредитами, предоставляемыми из республиканского…Постановление · 29.07.2022 · № 406 · Утратил силу