Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Типтүү Жобо, «Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө» Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин токтомуна ылайык.
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралындагы I чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын № 7-токтомунун тиркемеси
Бүргѳндү-Достук айыл аймагынын айылдарында, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Типтүү жобо
1. Жобого сунуштаманын максаты
1.1 Аталган типтүү жобого сунуштаманын негизги максаты, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат. Маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, сөөктү жайга коюуну каза болгон адамдын тирүү кезинде билдирген керээзине ылайык жана туугандарынын каалоосун эске алуу менен жүзөгө ашыруудагы кепилдиктерди, ошондой эле сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.
2. Жалпы жобого сунуштама
2.1 Жобонун сунуштамасына ылайык улуттук маданияттын балуулуктарын коргоо жана маркумду узатуудагы каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, маркумду узатуу, сөөгүн жайга коюу иштерин уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө № 296 Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
2.2 Жобого сунуштама маркумду узатууда жана сөөгүн жайга коюуда, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдобоого багытталган. Ошондой эле, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюуда үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөгө, калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизбөөгө багытталган.
2.3 Жобого сунуштама жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салтын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
3. Жобого сунуштаманы иштеп чыгуу, кабыл алуу (бекитүү) жана күчүнө киргизүү тартиби
3.1 Айыл аймакта маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен төмөндөгү курама жумушчу топ түзүлөт:
- айыл өкмөтүнүн кызматкери;
- жергиликтүү Кеңештин депутаттары;
- ардагерлердин мүчөсү;
- аялдар жана жаштар уюмунун мүчөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү
- дин уюмунун мүчөсү;
3.2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин берген типтүү жобосунун негизинде, жумушчу топ тарабынан жобо долбоору иштелип чыгат. Ал долбоор айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн тактайларга илинет, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштарды жумушчу топ эске алуу менен долбоорго киргизет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү Кеңештин токтомунда колдонууга алынат.
3.3. Жобону бекитүү жөнүндөгү жергиликтүү Кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү Кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жайгаштырылат.
3.4. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жергиликтүү Кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
4. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
4.1.Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду
маркумдун керээзи – тигил же бул жерде, тигил же бул үрп-адаттар жана каада-салттар боюнча, мурда каза болгон же бул адамдардын жанына коюлуу, потологоанатомиялык союуга алынышына макулдугу же макул эместиги жөнүндө сөөгүнөн органдарды жана (же) ткандарды алууга макулдугу же макул эместиги жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин аткарууну тигил же бул адамга ишенип тапшыруу жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн катышуусунда) же жазуу жүзүндө билдирилген каалоо, мында бул каалоо нотариалдык жактан ырасталышы керек; табыт – каза болгондордун сөөктөрүн жайга коюу (ташуу) үчүн атайын үкөк; жүк 200 – курман болгон (каза болгон) адамдын сөөгүн башка шаарда же башка өлкөдө болсо, аны көмө турган жерге чейин ташууда колдонулуучу шарттуу белги; каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жак – Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак; сөөк коюлуучу жай – этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу; сөөк – каза болгон адамдын денеси; сөөктү жайга коюу (маркумду узатуу) – сөөктү көмүү боюнча ырым-жырымдар; көмүү – каза болгон адамдын денесин жерге берүү; кайра көмүү – сөөк коюлган жайды которуу, бүтүндөй сөөктү көрдөн чыгарып, аны башка сөөк коюлуучу жайга кайра көмүү; мүрзөнүн жанына көмүү – каза болгон адамдын денесин, мурда көмүлгөн мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү; маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат- маркумдардын сөөгүн жайга коюуну жана маркумдун сөөгүн жайга коюу
боюнча кызмат көрсөтүүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматы; адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат – сөөктү коюу үчүн жайды бөлүп берүүгө же жол-жоболоштурууга негиз болуучу, каза болгон адамдын мээсинин токтоп калышына же аны биологиялык өлүмүнө (адамдын кайтпас өлүмүнө) байланыштуу саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ; өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүк – патологоанатомиялык союудан же соттун-медициналык изилдөөдөн кийин, ошондой эле медициналык документтердин негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишин иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссия жана кызмат адамдары
5. Жергиликтүү комиссия
5.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө айылдык маанидеги аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт.
Анын курамына төмөндөгүлөр кирет: -айыл өкмөтүнүн кызматкери; -жергиликтүү кеңештин депутаттары; -билим берүү мекемелеринин кызматкери; -маданият мекемесинин кызматкери; -ардагерлердин кеңешинин мүчөсү; -аялдар жана жаштар уюмунун мүчөлөрү; -аксакалдар сотунун мүчөсү; -дин уюмунун мүчөсү; -өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөсү; -участкалык милиция; -жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү.
Жергиликтүү комиссиянын курамы айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду узатуу үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш-чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат. Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, ал тууралуу комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара көрөт.
6. Сөөктү жайга коюу
Маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык, экологиялык, санитардык, үрп-адаттардын жана каада-салттарды эске алуу менен маркумдун сөөгүн жерге коюу ырым-жырымы катары белгиленет. Каза болгон адамдын сөөгүн көмүү адамдын өлүмүн белгилөө жөнүндө гербдик мөөр менен күбөлөндүрүлгөн медициналык маалыматтын негизинде жүргүзүлөт.
Көмүүлөр бош жана туугандык (көрдүн жанына көмүү) болуп бөлүнөт. Маркумдун сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат. Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Туугандык көмүү жөнүндө маселени чечүү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат. Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда жургүзүлөт. Каза болгон адамдын сөөгүн, ошол эле көрдүн жанына же болбосо ошол эле көргө көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана көргө коюлган адам менен туугандыгынын ырастамасы болгон учурда жургүзүлөт.
7.Көрүстөндөр. Сөөк коюлуучу жайлар
Көрүстөндөрдү төмөнкү аймактарда жайгаштырууга тыюу салынат: -Суу менен камсыздоо булагынын, минералдык булактын санитардык коргоо зонасынын биринчи жана экинчи алкагынын, курорттун санитардык коргоо окуругуна. -Калктуу конушка карама-каршы жайгашкан тарапка жантайыңкы жерлерге. -1,5 метр тереңдикке кургак көпшөк кыртышы (кум аралаш,кумдуу) болбогон жана 6-18 пайыздан ашпаган нымдуу кыртыштуу жерлерге. -Көлдүн, дарыялардын жана калк тарабынан чарба-тиричилик муктаждыктары, сууга түшүү жана маданий-саламаттыкты чыңдоо үчүн пайдаланылуучу башка ачык көлмөлөрдүн жээктерине. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды диний жана үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу.
8. Мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдѳрү жана аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салуу.
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат. Мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт. Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мазарлардагы тартипти дайыма көзөмөлгө алат. Мазардагы эстелик жана белгилерди бүлүндүрүүгө жана мазактоого жол берилбейт. Эгерде кимдир бирөөлөр ушундай тартипсиздикке барса мыйзам алдында жооп берет. Мазарларды бузууга эч ким жол бербейт, эгерде мазар аянты толуп калса, ичиндеги нерселер толугу менен сакталат.
9.Маркумдун керээзи жана керээзин аткаруу
Эгерде маркумдун керээзин аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар жаралбаса, каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттер анын керээзине толук ылайык жүзөгө ашырылат. Каза болгон адамдын керээзи жок болгон учурда анын жубайы, жакын туугандары, ал эми эч кимиси жок болгон учурда каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюууну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактар, же болбосо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка жүктөлөт.
10. Эч кандай тууганы жок каза болгон адамдын сөөгүн,
таанылбаган жана туугандары алып кетпеген сөөктөрдү жайга коюу Жубайы жакын туугандары, башка туугандары же болбосо сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин ѳзүнө алган башка жак жок болгон учурда, каза болгон адамдын өздүгү ички иштер органдары тарбынан аныкталгандан кийин анын сөөгун жайга коюу, ошондой эле кылмыш-жаза мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө өздүгү аныкталбаган каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жузөгө ашырылат.
11. Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондордун сөөгүн жайга коюу
Өзгөчо кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардан каза болгондордун сөөгун жайга коюу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
12.Санитардык талаптар
Өзгөчө катуу инфекция же эпидемия менен өлгөн адамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптар менен көмүлөт жана зыйнат өткөрүү учурунда коомдук тартип, санитардык- эпидемиологиялык талаптар камсыз кылынат. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укукту жергиликтүү органдар тарабынан жузөгө ашырылат. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык монитаринг жүргүзүү тутуму түзүлөт.
13.Көрүстөн карап –күтүү жана көрктөндүрүү
Көрүстөндү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдетти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Сөөк коюлуучу жайлар тосулушу, кайтарылышы, суу, керектүү имараттар жана инвентарлар, ошондой эле ага кирүүчү жол менен камсыз болушу керек. Сөөктү коюу жайларында мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат.Мазарга кирүүчү 2 же 3 эшиктер ачылсын. Мазарда чакан чарбалык навестер менен камсыздалсын. Шаймандар жана отургучтар сакталсын.Жооптуу адамдар көрүстөндөрдү карап күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасыгнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
14. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар
Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар каза болгондордун сөөгүн алардын керээзин эске алуу менен же болбосо маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын чечими боюнча жайга коюу үчүн, ошондой эле туугандары алып кетпеген туугансыз жансыз денелерди калдыктарды көмүү үчүн багытталган.Сөөк коюлуучу муниципалдык жайларда сөөктү көмүү дин тутуу, жалпы таанылган моралдык, этикалык принциптерге карама-каршы келбеген башка үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
15.Акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу
Маркумдун сөөгүн жайга коюу маркумдун керээзине аны узатууну жүзөгө ашыруучу жак (мураскордун, балдарынын, жакын туугандарынын, досторунун ж.б) менен макулдашууга ылайык үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен ишке ашат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында табытты маркумга жакын адамдар жана дин аалымдары мүрзөгө чейин коштоп барышат. Эгерде маркум мамлекеттик мекемеде эмгектенсе аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркум акыркы үч жыл ичинде иштеген мекемеде, атайын белгиленген жерде же мураскор белгилеген жерде өткөрүлүшү мүмкүн. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда диний жөрөлгөлөр, (зарыл болсо) салттык үрп-адаттар сакталат.
16. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагында, шаарда маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишинде, райондун аймагында жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын, шаардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар жергиликтүү Кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Даярдаган
Г.Шадыканова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.