Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Керме-Тоо айылдык кеңешинин «Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө» токтому.
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 23-январы №1/5
Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл аймагынын каржы-экономика бөлүмү тарабынан даярдалып, айыл аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2026-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айыл өкмөт тарабынан сунуш кылынып, айыл аймактагы ишкана мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылган Керме-Тоо айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айыл аймактык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1 тиркемеге ылайык 32680,3 мин сомго белгиленсин, анын ичинен атайын каражат 1 750,0 мин сомдон белгиленсин.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын, 2026-2027-2028-жылдарга берилүүчү жергиликтүү бюджетин болжолу 2026-жылга 32680,3 мин сом, 2027-жылга 35134,0 миң сом, 2028-жылга 37816,0 миң сом жана теңдештирүүчү грантынын болжолу 2026-жылга 10730,8 мин сом, 2027-жылга 10730,8, мин сом, 2028-жылга 10730,8 мин сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын.
3.Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга, социалдык фондуна, тамактануу жана жеңилдиктерге) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
Чыгашалардын корголгон беренелер боюнча штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
4.Керме-Тоо айылдык округунун администрациясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
- киргизилген өзгөртүүлөр Керме-Тоо айылдык кенеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
5.Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход. налог) боюнча 100%, жана роялти боюнча 50,0% өлчөмүндө, ФПСтин аренда акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100,0% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Керме-Тоо айылдык округуна караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн №14152200 «Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр» беренесине толугу менен чегерилсин.
7.Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айылдык округунун социалдык маселелерине чечүү үчүн жумшалсын.
8.Жайыт комитетинин 2026-жылга бюджети киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар 482,2 мин сомго белгиленсин.
9. Керме-Тоо айылдык округуна караштуу Манас, Жеңиш жана Бирлик айылдарына-1, Пахта-Арал, Жаны-Жол жана Жаштык айылдарына-1, Чөгөм, Күндөлүк жана Байдамтал айылдарына-1, Кичи-Алай айылына-1 бардыгы болуп 4 айыл башчы белгиленсин
10. Керме-Тоо айыл округунун 22154900 статьясынын эсебинен 2 штат бирдигин каржылоо жана жергиликтүү Кенештин мыйзамына ылайык Кеңештин төрагасына ар бир сессиянын өткөрүлгөнүнө айыл өкмөтүнүн башчысынын бир күндүк эмгек акы төлөп берүү белгиленсин.
11.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасына тетиктерди алууга 80,0 мин сом окмот өкмөтүн кызматтык унаага жыл ичинде иштеткенге ГСМге 295,2 мин сом жалпы суммасы 375,2 мин сом эсебинде каралсын.
12.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын, казыналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын балдар бакчаларындагы ата-энелерден түшкөн взносторду ар бир балага күнүнө 50 сом белгиленсин..
13.ЖӨБ Союзунунун ассоциацияларынын мүчөлүк акысы 3% эсебинде кармалып откөрүлүп берилсин.
14. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу тоолуу аймактарда иштеген Кичик-Алай жана Чөгөм айыл башчыларына эмгек маянасына кошумча КР1997-жылдагы 25-июнундагы № 377 токтомуна ылайык Чөгөм айыл башчысына 60%, Кичик-Алай айыл башчысына 40% үстөк акы кошулуп берилсин.
15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.
Төрага
Абсатар уулу Мунарбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Утратил силу