Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ала-Тоо айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү мыйзамын аткаруу жөнүндө токтому
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 6
Кыргыз Республикасынын жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 мыйзамын аткаруу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин катчысы С.Т.Топчубаева Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 мыйзамы менен тааныштырып,№8 беренедеги калктуу конуштардагы укук белгилөөчү документтери жок жер участокторунун жер аянтын бекитүү жөнүндө сунушун киргизди. Депутаттар кеңири карап чыгышып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 мыйзамынын 8-беренесинин негизинде Ала-Тоо айыл аймагындагы айылдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укук белгилөөчү документтери жок жер участокторунун аянттары айыл аймагына жакын жашаган айылдарда азыркы учурда жашап турган жер аянты мурда канча сотых жерде ээлеп турса ошол боюнча калтырылып, калган тоо зооналарына жыйырма сотыхтан белгилөөгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү 2022-жылдын №21 мыйзамынын 8-беренесинин негизинде мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жер тилкесине болгон укугун каттап укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү жагы Жер ресустары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынан суралсын.
4. Турак үйдүн долбоорун, курулушка уруксат берүүчү жана курулушту колдонууга уруксат берүүчү документтерди түзүү боюнча Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы:
С.П.Машрапов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О регулировании земельно-правовых отношений»Закон · 01.04.2022 · № 21