# Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 79
- Дата принятия: 06.02.2026
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.02.2026
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040482>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-51162/edition/46991/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.02.2026 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кадамжай шаардык кенешинин 2026-жылдын 6-февралындагы №79 "Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 06.02.2026) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040482

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XIХ сессиясы

2025-жылдын 06-февралы №79 Мамлекеттик ишмер, агартуучу Касым Тыныстановдун ысмын шаардын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” токтомунун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:

1. Кадамжай шаарынын аймагындагы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебине кыргыз элинин алгачкы улуу агартуучуларынын, илимпоздорунун жана адабиятчыларынын бири, кыргыз алфавитин, орфографиясын түзүүдө чоң салым кошкон, мектептерге алгачкы окуу китептерин жазган, элдик оозеки чыгармаларды жыйнап, изилдеген тилчи-илимпоз Касым Тыныстановдун ысмы ыйгарылсын.

2. Аталышты өзгөртүүгө байланыштуу керектелүүчү чыгымдар мыйзамда белгиленген тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Токтомдун аткарылышы № 86 Кара-Жактак жалпы билим берүүчү мектебинин директору А.Мамажановго милдеттендирилсин.

4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына

жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

К.Дастиров
