Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы (сегизинчи чакырылыш) 2026-жылдын 30-январы №1/3 Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №597 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык ошондой эле жер, агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Ынтымак айылындагы № 5 контурдагы 1,70га жер аянты жана №27 контурундагы 0,02га жер аянтын мамлекетттик менчикке алып, социалдык объект курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.(Э.Эшиев)
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы
Д. Атанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.