# Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 63 Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 63 Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 63
- Дата принятия: 09.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230040105>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50889/edition/46617/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябры № 63 Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө токтому (ред. от 09.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230040105

---

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясы

2025-жылдын 9-сентябры № 63

Төрт-Көл айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 токтомунун негизинде 2025-жылдын 1-ноябрында айыл чарбасын каттоо болгондугуна байланыштуу даярдык көрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун сунуш катын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Айыл аймагында 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап айыл арбасын каттоого даярдык көрүүгө Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З. Осмоновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М. Тажибаев
