Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин Куршап дарыясынын Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Беш-Абышка, Кара-Таш участкаларындагы жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/24
Куршап дарыясынын Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Беш-Абышка, Кара-Таш участкаларындагы жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун Куршап дарыясынын Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Беш-Абышка, Кара-Таш участкаларынан 2,16га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып жана айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 мыйзамынын I-беренесинин 8,4-пуктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршап дарыясынын Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Беш-Абышка, Кара-Таш участкаларындагы контурлардан камдалган жерлер (запастагы жерлер) категорисынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына
№ 1570 контурдан таш жалпы аянты- 9,28 га, ээлеген аянты- 0,35 га № 1571 контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 1,49 га, ээлеген аянты- 0,04 га № 1594 контурдан таш жалпы аянты- 4,26 га, ээлеген аянты- 0,22 га № 2940 контурдан таш жалпы аянты- 3,70 га, ээлеген аянты- 0,37 га № 15941 контурдан Куршап сай жалпы аянты- 0,42 га, ээлеген аянты- 0,15 га № 15711 контурдан Куршап сай жалпы аянты- 0,80 га, ээлеген аянты- 0,27 га № 15941 контурдан Куршап сай жалпы аянты- 4,26 га, ээлеген аянты- 0,10 га Кара-Таш участкасынан № 3083 контурдан таш жалпы аянты- 3,71 га, ээлеген аянты- 0,43 га № 2941 контурдан Куршап сай жалпы аянты- 1,71 га, ээлеген аянты- 0,23 га Жалпы: 2,16 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага
М. А. Камалов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.