Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды “Баш-Булак” муниципалдык ишканасына өткөзүп берүү келишимин бекитүү жана жайыттардын инфратүзүмүн жакшыртуу жөнүндө токтому
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/24
Баш-Булак айыл аймагындагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды “Баш-Булак” муниципалдык ишканасына өткөзүп берүү келишимин бекитүү жана жайыттардын инфратүзүмүн жакшыртуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын №30 26.01.2009-жыл жайыттар жонундогу мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомунун негизинде Баш-Булак айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарды өткөзүп берүү боюнча “Баш-Булак” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишим бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
К.Абдраев
Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын 2024-жылдын 19-июлундагы Жергиликтүү кеңештин №26/24 токтому менен бекитилген
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жөнүндө
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Баш-Булак айылы
1. Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын 27-февраль 2024-жылдагы №12 буйругунун негизинде иш жүргүзгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевич аркылуу,мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир жагынан, жана
2. Муниципалдык ишкананын Уставынын негизинде иш жүргүзгөн жетекчи Каныбек уулу Исламбек аркылуу,Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын Муниципалдык ишканасы, мындан ары – «Муниципалдык ишкана», экинчи жагынан төмөнкү келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Муниципалдык ишканага өткөрүп берет.
Жайыт жерлердин жалпы аянты: 22749,26га Жайыттын түрү жана аянты Жаздык-куздук,жайкы-кузгу
Жайыт участокторунун жайгашкан орду
1.Баш-Булак участогу 4906га
2.Ачы участогу 264,6га
3.Кара-Согот участогу 2671,1га
4.Кызыл-Ордо участогу1308,1га
5.Эшме участогу 428,56га
6.Садирбай участогу 1114,03га
7.Жаны-Турмуш участогу 782,7га
8.Талдык участогу 5193,77
Бардыгы 16668,86га Мындан сырткары Алай районундагы узак моонотко пайдалануудагы жайыттар.
1.Талдык участогу 5058,1га
2.Калмак-Ашуу участогу 1022,3
Бардыгы 6080,4 га Жалпысы 22749,26га
- Сунушталган жайыт жерлеринин картасы (Типтүү келишимдин №1 Тиркемеси);
- Жайыт инфраструктурасынын объектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары (Типтүү келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт).
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1.2. Жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:
1.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Муниципалдык ишканасы тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө;
- Муниципалдык ишканасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;
- Муниципалдык ишканасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга;
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Муниципалдык ишканасына отчетторунун формасын бекитүүгө;
- Муниципалдык ишканасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.
2.1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин укуктары:
- Милдеттүү түрдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу;
- Муниципалдык ишканасынан жайыттарды пайдаланууда мыйзам бузууларды, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планын аткаруудагы иш аракеттеринин жыйынтыгы боюнча маалымат алууга;
- Муниципалдык ишканасынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу өнүктүрүү пландарын жана программаларын сунуштоого.
- Муниципалдык ишканасына жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыңкы методдорду колдонууну сунуштоо.
1.3. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери
2.2.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы – айыл өкмөтүнүн милдеттери:
- Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды башкарууга өз убагында жана толук көлөмдө берүү;
- Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарга ылайык, Муниципалдык ишкананын эсебине которуу;
- Муниципалдык ишканасына методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү; Муниципалдык ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер, ошондой эле кеңсе имараты менен камсыздоо;
- жылына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- Муниципалдык ишканасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдин негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөөгө милдеттүү.
2.2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин милдеттери:
- Муниципалдык ишканасы берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитүү;
- Муниципалдык ишканасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планын аткарылышы тууралуу маалымат алууга.
- Мал жаюу максатында жайыттарды пайдалануу жайыт акысын жана мал жаюу менен байланышпаган максаттагы жайыттарды максаттуу пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча ижара бааларын бекитип берүүгө.
2.3. Муниципалдык ишканасы төмөнкүлөргө укуктуу:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда жана толук көлөмдө өткөрүп берүү иш аракетин макулдашуу аркылуу жүргүзүүгө;
- жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, консультациялык жана башка жардамды, ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кеңсе имаратын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланышкан тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеңештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр боюнча даттануу укугуна ээ
2.4. Муниципалдык ишканасы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга;
- жергиликтүү өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардын абалына жылына бир жолудан кем эмес мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө;
- жайыт белеттерин мыйзамга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу органы менен макулдашуу аркылуу келишимдерди түзүүгө;
- жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилглен жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоого жана төлөмдөрдү жыйноого;
- жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштары чечүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз убагында иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө;
- жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узак убакытын сактоо, жайытты деградацияга алып келтирбей колдонууга;
- ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;
- ыйгарым укуктарды аткаруу жана берилген материлдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө;
- жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу отчет берүүгө;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамын, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишимди бузууну болтурбоого;
- ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга берилген сарпталбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү.
3. Тараптардын финансылык мамилелери
3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдү Муниципалдык ишкана жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат, жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн курамында бекитилет.
3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктарды аткаруу максатында, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттин жазылышына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм Муниципалдык ишкананын эсебине которулат. Которулган финансылык каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында/Айыл өкмөтүндө ачылган аккумуляциялык эсебиндеги Муниципалдык ишкананын акча каражаттарына байланыштуу болот.
3.3. Муниципалдык ишкананын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү Муниципалдык ишканасы өтүнмөнү берген күндөн тартып 3 күндөн көп эмес убакытты түзөт.
3.4. Муниципалдык ишканасы финансылык каражаттарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.
3.5. Муниципалдык ишканасы салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
3. Муниципалдык ишканасынын жергиликтүү өз алдына башкаруу органынын алдындагы отчеттуулугу
4.1. Муниципалдык ишкана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиликтүү кеңеш тарабынан эске алынат.
4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү
5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын жазуу түрүндө макулдашуусу боюнча жол берилет.
6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашкан күңдөн тартып күчүнө кирет.
7. Ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби
7.1. Муниципалдык ишканасына берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- келишимди жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда.
7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- Муниципалдык ишканасы ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда;
7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу тараптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15 жумуш күн мурда жөнөтүшү керек.
7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүңдө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет.
Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ылайык токтотулат.
7.5. Эгерде 30 жумуш күнү ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүңөн мурда токтотулду болуп эсептелет.
7.6. Муниципалдык ишканасы тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.
8. Тараптардын жоопкерчилиги
8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
8.2. Муниципалдык ишкананын жетекчиси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максатуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
9. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
10. Корутунду жоболор
10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.
10.2. Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын даректери жана колдору
«Баш-Булак» Муниципиалдык Ишканасынын жетекчиси .
Каныбек уулу Исламбек
Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемеси
И.Ж.Эрмаматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 735 "О порядке предоставления права управления и пользования государственными пастбищными угодьями органами местного…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Утратил силу