# Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/10
- Дата принятия: 19.07.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.07.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039874>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50707/edition/46376/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.07.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-июлу № 26/10 Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 19.07.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039874

---

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

2024-жылдын 19-июлу № 26/10

Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Баш-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Баш-Булак айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага

К.Ж.Абдраев
