Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Баш-Булак айыл аймагынын Талдык айылындагы “Карлыгач” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кенже тайпа ачуу жөнүндө токтому
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/5
Баш-Булак айыл аймагынын Талдык айылындагы “Карлыгач” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кенже тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы №689-токтомуна ылайык Баш-Булак айыл аймагынын Талдык айылында жайгашкан “Карлыгач” мектепке чейинки билим берүү уюмуна даярдоо тайпа ачуу боюнча карап чыгып талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бала бакчага кошумча кызматкерлер үчүн штаттык бирдик жагы жана кабыл алынуучу балдарга 30(отуз) орунга квота берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
К.Абдраев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.