Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө» №5/2 токтому.
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №5/2
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилген, Аксакалдар сотторунун типтүү регламентин талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун жаңы редакциясындагы Регламенти өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Аксакалдар сотторунун төрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага
А. Молдогазиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.