# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому

- Полное наименование: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12/3
- Дата принятия: 01.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039453>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50420/edition/45883/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2025-жылдын 1-августундагы "Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" №12/3 токтому (ред. от 01.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039453

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 1-августу № 12/3

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10 жана 19-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-августундагы №01-18/2833 катын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага:

Б. Шералиев
