Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 86
Баткен шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-статьясынын 6-пунктуна, 18-статьясына жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы “Баткен шаарынын аймагында жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө боюнча программасы” сунушунун жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
Баткен шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө жана Баткен шаарынын мэриясынын программасына макулдук берилсин. №1 тиркеме; Баткен шаарынын аймагында кайрылуулардын негизинде, жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багыттарын өзгөртүү программасы бекитилгендиги шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага
А.Аширов
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ БАТКЕН ОБЛУСУ Баткен шаарынын мэриясы
Баткен шаарынын жарандарынын “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык багытка” которуу боюнча ПРОГРАММАСЫ
Баткен шаары 2025-жыл Баткен шаарынын жарандарынын “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык багытка” которуу боюнча ПРОГРАММАСЫ
Баткен шаарын Баткен облусунун борбору катары эсептелет. Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №247 сандуу мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтому менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү структурасы жана саны бекитилген. Баткен шаарынын административдик чектеш жактары: түндүк жагынан Кара-Бак айыл өкмөтү, түштүк жагынан Суу-Башы айыл өкмөтү, чыгыш жагынан Төрт-Гүл айыл өкмөтү, батыш жагынан Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен. Баткен шаарынын жалпы аянты 43484 га түзөт. Бүгүнкү күндө Баткен шаары алты административдик аймактык башкармалыктардан турат. Шаар калкы 36852 адамды, кожолуктун саны 7639 түзөт. Алсак,
№
Айыл, райондор боюнча калктын саны, киши
Калктын саны (адам)
Кожолуктун саны
1
Келечек аймактык башкармалык
8462
1807
2
Кызыл-Дөң аймактык башкармалык;
10188
2021
3
Кызыл-Жол аймактык башкармалык;
6553
1088
4
Базар-Башы аймактык башкармалык;
3863
970
5
Булак-Башы аймактык башкармалык;
1355
342
6
Чет-Булак аймактык башкармалык.
6431
1411
Бардыгы
36852
7639
Баткен шаарынын аймагында 1 Баткен шаардык билим берүү бөлүмү, 7 орто мектеп, 2 башталгыч класстар үчүн мектеби, 3 жеке менчик башталгыч класстар мектеби, 6 бала бакча, 8 жеке менчик бала бакча; 1 Баткен шаардык маданият бөлүмү, 1 маданият үйү, 1 китепкана, 1 Манас комплекси, 2 эс алуу багы, 1 музыкалык-драма театры, 1 ҮДБ, 4 ҮДТ, 1 борборлоштурулган оорукана, 1 И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткен шаарындагы Академиялык клиникасы, 1 Баткен ШИИБ, 7 участкалык милиция бөлүмчөлөрү иштейт.
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы №22 токтому менен бекитилген “Баткен шаарын 2021-2025-жылдар аралыганда социалдык экономикалык жактан Өнүгүү Программасы” бекитилди. Бул өнүгүү программанын алкагында калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо негизги приоритеттүү багыты болуп эсептелет. Тагыраак айтканда калтын жеке ишкердүүлүгү жыл сайын өсүп бараткандыктан айрым ишкерлер жеке менчик турак жай үчүн берилген жер аянттарын коммерциялык багытка которушуп ишкердүүлүк жүргүзүүгө кызыктар тараптар көбөйүүдө.
Калктын жеке ишкердүүлүгү менен Баткен шаарынын 2024-жылдын жыйынтыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын белгилеп өтүү зарыл. Алсак, 2024-жылдын январь-декабрь айларында өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 1 768 910,2 миң сомду түзүп, физикалык көлөмү 147,7%га, же өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 609 367,9 миң сомго көп аткарылган. Бул көрсөткүчтү электр энергиясыз алганда 227 993,0 миң сомду түзүп, өсүү темпи мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,1%, физикалык көлөмүнүн индекси 103,1% түзгөн. Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 150 ишканалар катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Жеке ишкерлер жана кичи жана орто бизнесте иштегендер тарабынан – 2 489 044,7 миң сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлүп, 1 768 910,2 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Шаар аймагындагы ишкерлерге жер участокторун ажыратып берүүдө Чет-Булак аймагынан 2019-жылы атайын 172,9 га өнөр жай зонасы бөлүнүп берилген. Учурда өнөр жай аймагында мал союучу жай, тоок ферма, асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу цех, темир-бетон кичи цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. “Ак-Сай Кенч” тоок фермасынын жетекчиси жеке ишкер Абдулаев Адилет тарабынан 35 миң тоокко ылайыкташкан кошумча имарат курулуп, фермада тооктун саны 71 миңге жеткен. Учурда фермада күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда. ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАЛАРЫ
№
Ишканалар
2023-жыл
2024-жыл
1
Электр тармактар ишканасы; (Ош электро)
1
1
2
Муниципалдык ишканалар (Таза суу, Тазалык)
2
2
3
Мол-Түшүм кооперативи
1
1
4
“Алтын-Бак” ЖЧКсы
1
1
5
“Ак-Сай Кенч” тоок фермасы
1
1
6
“Кара-Белес” көмүр кен ЖЧКсы
1
7
ЖЧК “Автомагистраль” асфальт бетон заводу
1
8
Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН)
81
142
Бардыгы
87
150
Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар
1
Пескоблок, лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер
11
20
2
Кийим тигүү цехтери
6
37
3
Желим эшик-терезе жасоочу цехтер
9
12
4
Мебель жасоочу цехтер
6
6
5
Навайканалар
26
31
6
Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер
7
7
7
Кондитердик цехтер
4
13
8
Пилорамалар
3
4
9
Мал союучу жайлар
2
2
10
Темир иштетүү
7
10
Бардыгы
81
142
Капиталдык курулуш - 2024-жылдын декабрь-январь айында 793 204,7 миң сомдук капиталдык салымдар сарпталып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,0 эсе өскөн. Айыл чарбасында жалпы өндүрүлгөн дүң продукцияларынын көлөмү 1 039 046,0 миң сомго аткарылып, өсүү темпи 104,1 % ды түздү. 2023-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 41 321,6 миң сомго көп аткарылган. Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 3 537 773,3 миң сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, иш жүзүндөгү баада 112,5%ды, салыштырмалуу баада 103,4%ды түзгөн. 2023-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 391 955,2 миң сомго көп аткарылган. Чекене товар жүгүртүү Бардык каналдар боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 489 044,7 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи иш жүзүндөгү баада 106,4% га, салыштырмалуу баада 102,4 %га жеткен. 2023-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 150 395,6 миң сомго көп аткарылган. Калкка акы алып кызмат көрсөтүү Калкка акы алып кызматкөрсөтүүнүн көлөмү 1 048 728,6 миң сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу иш жүзүндөгү баада 129,9 %ды, салыштырмалуу баада 99,6%ды түздү. 2023-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 241 559,6 миң сомго көп аткарылган. Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгына карата жалпы 1098 адамга жумуш оруну түзүлүп, анын ичинен 439 туруктуу, 554 убактылуу, 105 сезондук жумуш орундары түзүлгөн. Өнөр жай багытында жеке ишкер Соорбаев Тынчтыкбек тарабынан “Асфальт бетон” заводу, Муродов Ислам тарабынан “Кара-Белес” көмүр кени жоопкерчилиги чектелген коому ишмердүүлүгүн баштап, 105 жумуш орундары менен камсыз кылган. Жумушсуздук боюнча: 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгына карата 1483 жумушсуз жаран катталган. Алардын ичинен 897 жумушсуздар расмий каттоого алынган. Орточо эмгек акы: 2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгына карата орточо эмгек акы 35 382,0 сомду, ал эми өсүү темпи 100,6% түзгөн. Ал эми 2023-жылдын ушул мезгилинде орточо эмгек акы 35 370,2 миң сом, же 134,3 % болгон. Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 12 айы ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда жана шаардын аймагында салык мыйзамдуулугунун сакталышын көзөмөлдөөдө бир топ жакшы иштер жасалды. Тактап айтканда 2024-жылдын 12 айы ичинде жалпысынан мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 334 771,2 миң сомго аткарылып, 101,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 3633,3 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 130,7%ды түзүп, 78 596,2 миң сомго көп аткарылган. Республикалык бюджетке 180724,9 миң сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 184 339,3 миң сом чогултулуп, план 102,0%, же болбосо планга салыштырмалуу 3614,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 164,7%ды түзүп, 72 439,8 миң сомго көп аткарылган. Жергиликтүү бюджетке болсо 150 413,0 миң сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, чындыгында 150 431,9 миң сом чогултулуп, план 100,0%,же болбосо 18,9 миң сомго көп жыйналды. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 6156,4 миң сомго көп аткарылып, 104,3%ды түздү.
Жогоруда белгилеп өткөн шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизин түзгөн тейлөө рыногу, калкка акы алып кызмат көрсөтүү, чекене товар жүгүртүү, өнөр жай тармагы көпчүлүк пайызы жек менчик турак үйлөрдү коммерциялык жай катары пайдаланып жаткандыгы маалым. Биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ишкердик багытта иштетип жаткан жер аянттарды коммерциялык багытка которуу менен жергиликтүү бюджеттин көлөмүн жогорулатууга жетишүүнү көздөп жатабыз. Алсак, 100,0 м2 турак жай жер аянтынын салык төлөмү 50,0 сом болсо, ал эми коммерциялык багытка которулгандан кийин 100,0 м2 жер аянты 1250,0 сомго чейин өсүүсү күтүлөт. Ошондуктан Баткен шаарынын мэриясы 2025-2026-жылдарга ыктыярдуу түрдө кайрылган жарандардын “Турак жай” багытындагы жер аянттарын “Коммерциялык” жана “Өнөр жай” багыииарына которуу боюнча төмөнкү иш чараны кабыл алдык. план
ААБ
Турак жай аянты (га)
Бир сотых саыгы (сом)
Учурдагы салыгы (сом)
Коммерц. багытка которулду (га)
Бир сотых саыгы (сом)
Жер салыгы (сом)
Келечек
2,0
50
10 000
2,0
1250
250 000
Кызыл-Дөң
2,0
50
10 000
2,0
1250
250 000
Чет-Булак
1,0
50
5 000
1,0
1250
125 000
Кызыл-Жол
1,0
50
5 000
1,0
1250
125 000
Базар-Башы
1,0
50
5 000
1,0
1250
125 000
Булак-Башы
1,0
50
5 000
1,0
1250
125 000
Бардыгы
8,0
50
40 000
8,0
1250
1 000 000
Мэрдин орун басары А.Орозов
Башкы адиси Э.Пинназаров
Баткен шаарынын мэриясынын ММД нин директору А.Акматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О выводе города Баткен из состава Баткенского района Баткенской области Кыргызской Республики и придании ему статуса города областного значения»Закон · 01.12.2008 · № 247
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 2009 года №130 "О мерах по организации органов государственного и муниципального управления города Баткен Баткенской области…Постановление · 19.02.2009 · № 130 · Утратил силу