Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кенешинин «Сүлүктү шаарынын аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин VIII чакырылышы X сессиясы
2025-жылдын 29-декабры №01-5/60 Сүлүктү шаарынын аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 08.12.2025ж. №01-7/3916 сандагы каты менен сунушталган “Сүлүктү шаарынын аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу” боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулапКыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 02.15.2025ж. №27-13072 сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин14.10.2024ж. №296 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Мнистрлер Кабинетинин 14.02.2025ж №67, 19.08.2025ж №502 токтомдорунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Сүлүктү шаарынын аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө Жобосу” №1 тиркемеге ылайык бекитилсин ;
Көмүү жайын брондоо жөнүндө типтүү келишими №2 тиркемеге ылайык бекитилсин ;
Бекитилген жобо тууралуу шаардын калкына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жага шаардык мэрияга милдеттендирилсин;
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.А.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин төрагасы _________________ Б.А. Абдуназаров Шаардык кеӊештин X сессиясынын 29.12. 2025-ж. 01-5/60 токтомуна Тиркеме №1
Сүлүктү шаарынын аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары - брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
- санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
- көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
- кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
3. Укуктук негизи:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
- башка ченемдик укуктук актылар.
4. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
көмүү жайларын брондоо (мындан ары - брондоо) - арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылуучу көмүү жайларын резервдөө. Брондоо укугу - нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык. брондоо келишими - арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим; көмүү жайларынын реестри - көмүү үчүн көрүстөн боюнча бош жана ээленген жайларды эсепке алуунун маалыматтык системасы.
5. Көмүү жайларын брондоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
- санитардык жана экологиялык талаптарды;
- шаар куруу талаптарын;
- диний, этностук жана маданий салттарды.
2-глава. Көмүү жайларын брондоонун наркын эсептөө
6. Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К, мында: БН - брондоонун наркы, ЭК - административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн - 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар - 750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар - 500 (беш жүз). К - маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
- жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
- суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
- дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б.
3-глава. Көмүү жайларын брондоо тартиби
7. Көмүү жайларын брондоо үчүн арыз ээси Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу авторизациялоону пайдалануу менен Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта арыз берет.
Электрондук форматта арыз берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жүзөгө ашырылат. Арыз ээсин авторизациялоодо жана көмүү жайларын ээлөөгө электрондук өтүнмөнү тариздөөдө, зарыл документтер суралат жана санариптик форматта болгондо ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен автоматтык түрдө жүктөлөт. Эгерде талап кылынган документтер ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында жок болсо, анда арыз ээси тиешелүү кагаз жүзүндөгү документтердин санариптик дубликатын өз алдынча электрондук өтүнмөгө тиркеши керек:
- арыз ээсинин паспорту;
- туугандыгын ырастаган документ (нике тууралуу күбөлүк);
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат.
8. Арыз автоматтык түрдө маалыматтык системага катталган күндөн тартып 14 жумушчу күнүнөн ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш.
Көмүү жайын брондоо жөнүндө арыз катталган учурдан тартып жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тиешелүү чечим кабыл алганга чейин суралган жай убактылуу брондолгон болуп эсептелет. Ушул мезгилдин ичинде ал башка жактарга берилбейт. Брондоодон баш тартылган учурда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып убактылуу брондоо жокко чыгарылат.
9. Жубайы мурда жерге берилген жайга жанаша жайды брондоо, брондоонун наркы толук төлөнгөндөн кийин гана жүргүзүлөт. Акы төлөнгөндөн кийин арыз ээси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат менен брондоо боюнча келишим түзөт. Төлөнгөн каражаттар кайтарылууга жатпайт.
10. Көмүү жайларын брондоо мөөнөтүн узартуу электрондук арыз боюнча колдонуудагы мөөнөт аяктаганга чейин 3 ай калгандан кечиктирилбестен ишке ашырылат. Арыз жок болсо брондоо жокко чыгарылды деп эсептелет.
Көмүү жайларын брондоо мөөнөтү 10 жыл, кийин ушундай эле мезгилге узартуу мүмкүнчүлүгү менен.
11. Акы төлөө фактысы квитанция же онлайн чек менен ырасталат, анын көчүрмөсү келишимге тиркелет.
Көмүү жайларын брондоо акысы арыз ээси тарабынан накталай же накталай эмес формада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын эсебине төлөнөт. Мында акы төлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан оң чечим кабыл алынгандан кийин, бирок брондоо келишими түзүлгөнгө чейин жүргүзүлөт.
12. Брондоо келишиминде төмөнкүлөр камтылышы керек:
- тараптардын реквизиттери;
- брондоонун шарттары;
- тараптардын жоопкерчилиги жана башкалар маселелер.
13. Жасалма брондоо деп жасалма документтерди же жалган маалыматтарды пайдалануу менен же андан ары үчүнчү жактарга өткөрүп берүү максатында келишимди жол-жоболоштуруу таанылат. Мындай фактылар аныкталган учурда келишим жокко чыгарылат, ал эми жасалма брондоого жол берген адамдар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4-глава. Көмүү жайларын брондоодон баш тартуу үчүн негиздер
14. Көмүү жайларын брондоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) сөөгү жерге берилген жубайынын жанында бош жайдын жоктугу;
2) төмөнкү ырастоочу документтердин жоктугу:
- арыз ээсинин паспорту;
- туугандыгын ырастаган документ (нике тууралуу күбөлүк);
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат;
3) мурда белгиленген брондоо эрежелерин бузуу.
15. Көмүү жайларын брондоодон баш тартылган учурда арыз ээси кабыл алынган чечимге төмөнкүлөргө арыздануу жолу менен даттанууга укуктуу:
1) арызды кайра кароо өтүнүчү менен баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматка;
2) же болбосо ушундай кайрылууларды кароого ыйгарым укуктуу жогору турган мамлекеттик органга. Даттануу “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук формада берилет.
Сотко чейинки даттанууну берүү арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот органдарына кайрылуу укугун жокко чыгарбайт. Сот тартибинде даттануу баш тартуу жөнүндө чечимди же сотко чейинки даттанууга жоопту алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
5-глава. Каражаттардын пайдаланылышын контролдоо
жана отчеттуулук
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат брондоо акысын төлөөнүн эсебинен келип түшкөн каражаттардын өзүнчө эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
Бул каражаттарды пайдалануу боюнча жыл сайын отчет берилиши керек. Отчет тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында же маалымат такталарында жайгаштырылат жана коомчулук үчүн жеткиликтүү болот.
17. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттар көрүстөндөрдү көрктөндүрүү, күтүү жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-аракеттерди максаттуу каржылоого жумшалышы мүмкүн. Мындай багыттарга төмөнкүлөр кирет:
1) көрүстөндөрдүн инфраструктурасын (жолдорду, жарыктандырууну, тосмолорду) күтүү жана жакшыртуу;
2) жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
3) суу менен жабдууну жана санитардык абалды камсыз кылуу;
4) көмүү жайларынын электрондук реестрин түзүү;
5) көмүүнүн тиешелүү шарттарын камсыз кылуу менен түздөн-түз байланышкан башка чыгымдар.
18. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттардын пайдаланылышын контролдоо жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Көмүү жайларын брондоодон келип түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган.
6-глава. Кошумча жоболор
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) көмүү үчүн бош жайлардын абалын, аларды эсепке алууну жана пайдаланууну контролдоого;
2) көрүстөндөрдө бош жайлардын бар экендиги, брондоо мөөнөттөрү жана байланыш маалыматтары жөнүндө көмүү жайларынын электрондук реестрин жүргүзүүгө. Маалыматтар кварталда бир жолудан кем эмес жаңыланат. Эсепке алуу тартибин бузуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигине алып келет.
21. Тараптар көмүү жайларын брондоого байланышкан бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр аркылуу чечет жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда соттук тартипте чечилет.
22. Ушул Тартиптин жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү жооптуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик же башка жоопкерчилик тартат.
“Бекитемин” Шаардык кеӊештин төрагасы _________________ Б.А. Абдуназаров Шаардык кеӊештин X сессиясынын 29.12. 2025-ж. 01-5/60 токтомуна Тиркеме №2
Көмүү жайын брондоо жөнүндө типтүү келишим
1. Келишимдин тараптары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (же маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат) ___________________________ _________________________________________мындан ары “Аткаруучу” деп аталуучу,____________________________________________________атынан _______________________________________негизинде иш алып баруучу бир тараптан, мындан ары “Заказчы” деп аталуучу, паспорту: сериясы__________ №_______________, датасы __________ ______________тарабынан берилген, ________________________________________дареги боюнча жашаган жаран ____________________________________экинчи тараптан, мындан ары бирге “Тараптар” деп аталып төмөнкү келишимди түздү:
2. Келишимдин предмети
Аткаруучу заказчынын каза болгон жубайынын (аты-жөнү) ___________________________________________сөөгү көмүлгөн жайдын жанына кийин Заказчыны көмүү максатында _____________________________________дареги боюнча жайгашкан _________________________________ көрүстөндүн аймагындагы жердин бош участогун брондоого милдеттенет ал эми Заказчы брондоо үчүн акы төлөөгө жана ушул келишимдин шарттарын сактоого милдеттенет.
3. Брондоо шарттары
3.1. Брондоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген санарип форматтагы жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк же өлгөндүгүн каттоо тууралуу актыны жазуудан көчүрмө же болбосо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалымкат;
- туулгандыгын ырастаган документ (нике күбөлүгү же башка);
- Заказчынын инсандук күбөлүгү.
3.2. Жай 10 жылдык мөөнөткө брондолот.
3.3. Заказчыга бул жайга болгон укуктуу ээликтен ажыратыыга, үчүнчү жактарга сатууга, берүүгө же өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
3.4. Заказчы брондолгон жайды пайдалануудан баш тарткан учурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.
4. Төлөө тартиби
4.1. Брондоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы _______________сомду түзөт.
4.2. Акы төлөө акча каражаттарын бир жолу төлөө менен жүргүзүлөт.
4.3. Аткаруучунун эсебине каражаттар келип түшкөн күндөн дата акы төлөнгөн учур деп эсептелет.
5. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. Заказчы төмөндөгүлөргө милдеттенет:
- зарыл болгон документтерди берүүгө;
- толук көлөмдө акы төлөөгө;
- көрүстөндүн эрежелерин сактоого.
5.2. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- акы төлөнгөн учурдан тартып_______________жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө брондоого;
-Заказчыга ырастоочу документти берүүгө.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
Ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Келишимди колдонуу мөөнөтү
Ушул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ___________ чейин колдонулат.
8. Келишимди токтотуу
8.1. Ушул келишим төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- Тараптардын макулдашуусу боюнча;
- Заказчынын демилгеси боюнча - бузуу болжолдонгон датага чейин ___________ календардык күндөн кем эмес убакытта Аткаруучуга кабарлоо менен. Ошол эле учурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.;
- Аткаруучунун демилгеси боюнча - Заказчы тарабынан берилген жасалма же анык эмес документтер аныкталган же алар ушул келишимдин шарттарын бузган учурда;
- Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаса, эгерде ал узартылбаса;
- Заказчы каза болгон жана сөөгү кийин башка жайга көмүлгөн учурда;
- Тараптардан көз каранды болбогон себептер боюнча келишимди аткаруу мүмкүн болбогон учурда (форс-мажор, көрүстөндү жоюу, мыйзамдарды өзгөртүү ж.б.).
8.2. Келишим заказчы тараптан бузууларга байланыштуу эмес, Аткаруучунун демилгеси боюнча токтотулган учурда төлөнгөн акча каражаттары толук көлөмдө кайтарылууга тийиш.
9. Башка шарттар
9.1. Ушул келишим боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш.
9.2. Ушул келишим эки нускада түзүлдү, алар бирдей юридикалык күчкө ээ жана ар бир тарап үчүн бирден берилет.
10. Тараптардын ревизиттери
Аткаруучу: Заказчы:
Аталышы:___________________ Аты-жөнү:________________ Дареги:_____________________ Дареги:___________________ ИСН/ОКПО:_________________ Паспорту:_________________ Тел.:________________________ Тел.:______________________ Өкүлү:______________________ Өкүлү:____________________ Колу:_______________ /М.О./
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.