Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо жөнүндө” токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №7
“Дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 26-ноябрындагы № 01-19/4319 чыгыш сандуу Чаткал финансы башкармалыгынын 2025-жылдын 25-августундагы №01-07/214 чыгыш сандуу катындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 01-мартындагы №103 токтомун аткарууга алуу менен Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айыл аймагынын өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын кайрылуусунун негизинде төмөнкү муниципалдык менчиктеги имараттар, тиешелүү акча каражаттарын көрсөтү менен дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын:
-Жер-Капчыгай айылында жайгашкан Акылбек Баймырзаев атындагы билим берүүчү орто мектебинин айланасын тосууга жалпы сметалык баасы 2 412 548 (эки миллион төрт жүз он эки миң беш жүз кырк сегиз) сом менен бекитилсин. Бекитилген акча каражатынан 723 765 (жети жүз жыйырма үч миң жети жүз алтымыш беш) сом акча каражаты, 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттинен каржылансын. 1 688 783 (бир миллион алты жүз сексен сегиз миң жети жүз сексен үч) сом акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
-Айгыр-Жал айылынын “Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүүчү уюму” мекемесинин оюн аянтчасын куруп, айланасын тосуу үчүн 8 364 160,28 (сегиз миллион үч жүз алтымыш төрт миң бир жүз алтымыш сом жыйырма сегиз тыйын) сом акча каражаты менен бекитилсин. Бекитилген акча каражатынан 3 364 160,28 (үч миллион үч жүз алтымыш төрт миң бир жүз алтымыш сом жыйырма сегиз тыйын) сом акча каражаты 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттинен каржылансын. 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты, дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
-Ак-Таш айылындагы “Керемет-Көч мектепке чейинки билим берүүчү уюму” мекемесинин оюн аянтчасын куруу, айланасын тосуу үчүн 6 249 219 (алты миллион эки жүз кырк тогуз миң эки жүз он тогуз) сом менен бекитилсин. Бекитилген акча каражатынан 1 874 766 (бир миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң жети жүз алтымыш алты) сом акча каражаты 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттинен каржылансын. 4 374 453 (төрт миллион үч жүз жетимиш төрт миң төрт жүз элүү үч) сом акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
-Жаңы-Базар айылында жайгашкан “Алтын-Өрөөн мектепке чейинки билим берүүчү уюму” мекемесинин имаратынын оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө жалпы 7 978 222 (жети миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң эки жүз жыйырма эки) сом менен бекитилсин. Бекитилген акча каражатынан 2 978 222 ( эки миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң эки жүз жыйырма эки) сом акча каражаты 2026- жылдагы жергиликтүү бюджеттинен каржылансын. 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
2.Токтомду аткарууда мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.М.Козубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.