Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык округунун кеңешинин Савай айылдык аймагынын Октябрь айылынын географиялык аталышын өзгөртүү жөнүндө токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 03-февралы № 49
Савай айылдык аймагынын Октябрь айылынын географиялык аталышын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген тартипке, Савай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 3-февралындагы кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде жергиликтүү кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айылдык кеңещинин мыйзамдуулукту сактоо, этика, коопсуздук, регламент иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы отурумунун Савай айылдык аймагынын учурдагы аталышы "Октябрь" болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Нур-Ордо» деп өзгөртүү сунушу колдоого алынсын.
2. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан Савай айылдык аймагынын учурдагы аталышы "Октябрь" болуп келгендигине байланыштуу, аны мамлекеттик тилге ылайык «Нур-Ордо» деп өзгөртүү сунушу колдоп берүү жагы суралсын
3. Савай айыл өкмөтүнөн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволук аралык комиссиянын иши жөнүндө” токтомунун негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобо”сунун 12-пунктунун негизинде географиячлык аталышты өзгөртүү боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.у.а.
Жанибек уулу Аваз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики»Закон · 25.04.2008 · № 65
- Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2025 года № 149 "О деятельности Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и…Постановление · 25.03.2025 · № 149