Сокулук айылдык кеңешинин «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-декабрындагы № 51
Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамынын 6 беренесин “Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчике өткөрүп берүү” мыйзамдарын жетекчилике алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 10 декабрындагы №13/1960 каты менен таанышып, талкуулап Сокулук айылдык кеңеш, токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын балансында турган кыймылдуу мүлк (автоунаа төмөнкү маркадагы) Сокулук айыл өкмөтүнүн балансына акысыз, бекер алууга макулдук берилсин.
Маркасы жана модели UAZ Пaтриот Чыккан жылы: 2016 Түсү: Күмүш (серебристый) Мамлекеттик номер:01KG744AA Пайдаланууга берилген күнү: 10.10.2016 Баштапкы баасы 1 010 691,86 ( бир миллион он миң алты жүз токсон бир сом 86тыйын). Калдык наркы : 0 (нол) сом.
Сокулук айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттике тиешелүү өтүнүч катын жөнөтсүн. Малекеттик орган (ГАУГИ) тарабынан кыймылдуу мүлктү мамлекеттик менчиктен айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынгандан киймин комиссия автоунааны кабыл алуу- өткөрүп берүү актысы менен ишке ашырылсын. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Сокулук айыл өкмөт башчысы Р.Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага
Н. Жумалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.