# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 30-майындагы № 5/1 "З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 30-майындагы № 5/1 "З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/1
- Дата принятия: 30.05.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.05.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038668>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49915/edition/45029/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.05.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 30-майындагы № 5/1 "З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 30.05.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038668

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ XXIX- чакырылыштын 5- (кезектүү) сессиясы

2025-жылдын 30-майы № 5/1 “З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ”

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин 1-пунктунун, 115-беренинин 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” 2024-жылдын 12-январындагы №9 мыйзамынын 11-беренесинин 3-п. негизинде, З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевдин, экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда жалпы бюджеттик каражатардын ассигнованиелеринин чектеринде кайра бѳлүштүрүү жѳнүндѳ маалыматын айылдык кенештин 29 чакырылышы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылдын башында бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгѳртүүлөр киргизилсин:

70911 Мектепке чейинки мекеме бѳлүмүнүнүн 3111 беренесинин 762 мин сомго азайтылып, азайтылган 762,0 миң сом төмөндөкүдөй бөлүштүрулсүн:

- 70629 Турак жай комуналдык чарба бөлүмүнө 522,0 миң сом 2215 беренеге,

- 70862 Эс алуу, маданият, дин бөлүмүнө 2215 беренесине 220,0 миң сом,

- 70813 Дене тарбия боюнча иш-чаралар бѳлүмүнѳ 2215 беренесине 20,0 миң сом.

- 24-январь 2025-жылдын №2/5 токтомунун 8-пунктунун 4-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин

2. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.С. Кулматова бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттого жѳнѳтсүн.

3. Ушул токтумдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрайымы Ч.Т. Абдиевага жүктѳлсүн.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
