# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/9 "12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/9 "12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/9
- Дата принятия: 02.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038665>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49912/edition/45022/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/9 "12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038665

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ XXIX-чакырылыштын 4- (кезектүү) сессиясы

2025-жылдын 2-апрели № 4/9

“12-август 2024-жылдын №6/6 Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3,4 пункттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы №174 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомуна ылайык

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Жер мунапысын ишке ашыруу максатында,ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 “Жер -укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-2 пункттарына ылайык

- З.Кайназарова атындагы айыл аймагындагы Калктуу конуштардагы эски үйлөрдүн жер участогунун өлчөмү 1500 кв. м ден 3500 кв.м ге чейин деп белгиленсин

- Жаңы трансформацияга берилип жаткан жер тилкелеринин аянты 1000 кв.м ден 3500 кв.м чейин белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн Жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.

3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
