# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/4 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринин түрүнө жараша баштапкы бааны бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/4 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринин түрүнө жараша баштапкы бааны бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/4
- Дата принятия: 02.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038655>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49904/edition/45010/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/4 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринин түрүнө жараша баштапкы бааны бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038655

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2025-жылдын 2-апрели № 4/4 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринин түрүнө жараша баштапкы бааны бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министирлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 Буйруктун, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 Токтомунун негизинде З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин түрүнө жараша ижарага берүүдө баштапкы баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Сугат жерлерин - 12924 сомго ( 1 га)

- Сугаттын жоктугу - 4308 сомго (1га). Контурлар: №2-20 га, №34-41га, №39-31,60 га, №52-6,5га, №93-7 га, №97-5 га, №99-12га, №164-59,4га. Жалпысы: 182,5 га.

- Кайрак жерлерин - 2604,3 сомго (1 га)

- Сенокос - 417 сомго (1 га)

- Көп жылдык бактар - 6330 сомго (1 га)

2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышы З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
