# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылынын 15-октябрындагы №2 “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылынын 15-октябрындагы №2 “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 15.10.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.10.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038591>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49851/edition/44941/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.10.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылынын 15-октябрындагы №2 “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө” токтому (ред. от 15.10.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038591

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын

2025-жылдын 15-октябры №2

““Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которуу жөнүндө””

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 15.10.2025-жылдагы №01-19/3650 чыгыш сандуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Б.Беккулиевдин “Түпкүр” участкасынан туризмди өнүктүрүүгө 2,33 га жер аянтын сурап жазган арызынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы токтом кылат:

1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 07.10.2025-жылдагы №01-05/910 чыгыш сандуу каты, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 15.10.2025-жылдагы №01-19/3650 чыгыш сандуу кайрылуусу жана Айгыр-Жал айылынын тургуну Б.Беккулиевдин арызы, эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтомуна ылайык “Түпкүр” участкасынан туризмди өнүктүрүүгө суралган 2,33 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категорясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категорясына которууга сунушталсын.

3. Сунушталган жер аянтын боюнча тиешелүү компетентүү органдар менен мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.М.Козубаев
