# Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №19/76 "Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №19/76 "Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 19/76
- Дата принятия: 22.12.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038565>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49825/edition/44909/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 22-декабрындагы №19/76 "Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.12.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038565

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш) ТОКТОМ 2025-жылдын 22 - декабры №19/76

Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтому менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобону жана “Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” Жобонун талабына ылайык, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-15-16-декабрындагы №26 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 01-14/4817 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын кошуу максатындаКызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кызыл-Кыя шаардык финансы башкармалыгынын башчысы К.Сраждиновго Кызыл-Кыя шаарынын 2025-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин 704 “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 3111 “Актив” беренесине Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнүн тротуарларын жана лотокторун оңдоого Дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттин үлүшү катары 24 570 263 (жыйырма төрт миллион беш жүз жетимиш миң эки жүз алтымыш үч) сом акча каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы аркылуу бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.

2. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын башкы бухгалтери (Ч. Матаева) Дем берүүчү (үлүштүк) грантка бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана акча каражатын пайдалануу боюнча бухгалтердик отчетун камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Мурзаев
