# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2024-жылынын 01-апрелиндеги №1 “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2024-жылынын 01-апрелиндеги №1 “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 01.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038410>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49732/edition/44747/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2024-жылынын 01-апрелиндеги №1 “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038410

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын 2024-жыл 01-апрели №1

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү туралуу Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1.“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши” Мекемеси жана “Чаткал айыл аймагынын айылдык кенеши” Мекемеси бириктирүү жолу менен “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” Мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

1.1. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Каныш-Кыянского айылного аймака"

1.2. Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши” М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Каныш-Кыянского айылного аймака".

2. “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Каныш-Кыя айылы Т.Кошбаев көчөсү №120 болуп аныкталсын.

3. “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.

4. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенти №1 тиркемеге негиз бекитилсин.

5.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Аликеев

Тиркеме 1

“Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемесинин жобосу

1. Жалпы Жобо

1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.

2. Айылдык кеңеш– өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген), Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.

3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.

Айылдык кеңеши мекемесинин расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде – “Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши”;

- расмий тилде «Айылный кеңеш Каныш-Кыянского айылного аймака».

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Темиркул Кошбаев көчөсү, №120 Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

4. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

5. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.

6. Айылдык кеңештин компетенциясы, айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.

Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.

3. Айылдык кеңештин чечимдери

7. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага айылдык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

8. Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

10. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

4. Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

11. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

12. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

5. Корутунду жоболор

13. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

14. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Аликеев
