# Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-марты № 30 Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Береке базары” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-марты № 30 Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Береке базары” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30
- Дата принятия: 05.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038234>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49585/edition/44552/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-марты № 30 Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Береке базары” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 05.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038234

---

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы

2025-жылдын 5-марты № 30

Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Береке базары” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык, калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында “Береке базары” муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык, калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн төмөндөгүдөй “Береке базары” муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин:

Ишкананын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “ Береке базары ” муниципалдык ишканасы;

- расмий тилде: “ Береке базары ” муниципальная предприятия.

Ишкананын кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: “ Береке базары ” МИ;

- расмий тилде: “ Береке базары ” МП.

2. “ Береке базары ” муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү, Прогресс айылы, Жибек-Жолу көчөсү болуп белгиленсин.

3. “ Береке базары ” муниципалдык ишканасынын Жобосу түзүлүп, бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

М. Тажибаев
